Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Исфана шаардык кеңешинин «Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын негизинде түзүлгөн Исфана шаар мэриясынын иш-планын бекитүү жөнүндө» токтому
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2015-жылдын 23-октябры № 20/12 «Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын негизинде түзүлгөн Исфана шаар мэриясынын иш-планын бекитүү жөнүндө» Исфана шаар мэриясынын Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын негизинде түзүлгөн Исфана шаар мэриясынын иш-планын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын негизинде түзүлгөн Исфана шаар мэриясынын иш-планы жактырылсын жана тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаранын аткарылышы боюнча маалымат берип туруу жагы Исфана шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин билим беруу, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт жана саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А. Рахманкулов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 1 · related 1
Cited by (1)
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force