Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ош шаардык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндөгү» мыйзамынын 12-1-беренесиндеги Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып чыгуу жыйымынын аталышын өзгөртүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуу жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын ош шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы (III чакырылыш)
2012-жылдын 18-декабры № 74 Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндөгү» мыйзамынын 12-1-беренесиндеги Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып чыгуу жыйымынын аталышын өзгөртүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуу жөнүндө Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын 2012-жылдын 27-ноябрындагы № 01-4/107-катын карап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 7-декабрындагы отурумунун токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндөгү» мыйзамынын 12-1-беренесиндеги Калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды алып чыгуу жыйымынын аталышын «Аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жыйым» деп өзгөртүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кайрылуусу жөнөтүлсүн.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А. Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б. Матисаков).
3. Аталган токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Эргешов) жүктөлсүн.
5. Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы
Т. Сабиров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О неналоговых платежах»Закон · 14.04.1994 · № 1480-XII · No longer in force