Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы №41-токтому менен бекитилген Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы –Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө Жобонун 6-пунктунун негизинде байкоочу кеңештин курамына мүчө шайлоо жөнүндө» токтому
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
2017-жылдын 2-марты № 13 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы №41-токтому менен бекитилген Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы –Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө Жобонун 6-пунктунун негизинде байкоочу кеңештин курамына мүчө шайлоо жөнүндө Атайын эсеп каражаттарынын пайдалануу жана максаттуу пайдаланууга көзөмөлдөө жөнүндө чечимдерди кабыл алуудагы коллегиялуу орган болуп саналган Токтогул районунун мамлекеттик администрациясы беките турган Байкоочу Кеңешке Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнөн өкүл көрсөтүү боюнча Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин кезексиз V сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Чороев Илиязбек Каланбаевичтин сунушу боюнча:
-Байтиков Канжарбек Кийикбаевич жанаТокторалиев Алмазбек Бердигуловичтин талапкерликтери каралсын.
2. Сунушталган талапкерлердин ичинен Токторалиев Алмазбек Бердигулович өз талапкерлигин алып койгондуктан,депутаттардын бир добуштан ачык добуш берүүсү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы №41-токтому менен бекитилген Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы –Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө Жобонун 6-пунктунун негизинде (Жобо тиркелет) Байтиков Канжарбек Кийикбаевич шайлансын.
3. Атайын эсеп каражаттарынын пайдалануу жана максаттуу пайдаланууга көзөмөлдөө жөнүндө чечимдерди кабыл алуудагы коллегиялуу орган болуп саналган Токтогул районунун мамлекеттик администрациясы беките турган Байкоочу Кеңешке өкүл Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнөн Байтиков Канжарбек Кийикбаевич шайлансын.
4. Бул токтом www.ketmen-dobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага
О. Көксариев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.