Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Суу-Башы айылдык кеӊешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жѳнүндѳ” № 26 Жарлыгын турмушка ашырууда айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын жана айыл ѳкмѳтүнүнүн аймагында жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ» токтому
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеӊештин V чакырылышынын кезектеги XXXXII сессиясы
2016-жылдын 5-августу № 35
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жѳнүндѳ” № 26 Жарлыгын турмушка ашырууда айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын жана айыл ѳкмѳтүнүнүн аймагында жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жѳнүндѳ” № 26 Жарлыгын турмушка ашырууда айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын жана айыл ѳкмѳтүнүнүн аймагында жүргүзүп жаткан иштери боюнча айыл аймагынын айылдык Кеӊештин укук тартибиби, мыйзамдуулукту сактоо жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Э Ташмуратовдун маалыматын угуп жана талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин (V чакырылышы) кезектеги XXXXII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жѳнүндѳ” №26 Жарлыгын турмушка ашырууда айыл ѳкмѳтүнүн алдында атайын координациялык кеӊеш түзүлүп анын иш чаралар пландары түзүлүп айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жүргүзүп жаткан иштердин бар экендиги белгиленсин.
2. 2016-жыл ичинде аткаруу милдеттери берилди:
- Болмолорго байкоочу видео камераларды орнотуу жана ишеним телефондорун илүү,
- Коррупциялык коркунучтарды баалоо жана башкаруу аркылуу коррупциянын алдын алуу,
- Коомдук угууларды жүргүзүү аркылуу, Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн коррупцияга каршы программасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо жер жерлерде жарандардын катышуусун активдештирүү,
- Коррупциялык коркунучтар жана коррупциялык тажрыйбалар жогорку болгон зоналардын маалымат базасын түзүү жумуштары жандандырылсын.
- Мектептерде жана балдар бакчаларында балдардан мыйзамсыз салык салып акча жыйноо кѳрүнүштѳрүнѳ жол берилбесин
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы С.Борубаевге тапшырылсын.
Тɵрага
К. Маркаев
2.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Указ Президента КР от 2 февраля 2012 года № 26 " О Государственной стратегии антикоррупционной политики Кыргызской Республики и мерах по противодействию коррупции"Указ · 02.02.2012 · № 26 · No longer in force