Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин «Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык калктуу конушу айыл категориясына киргизилгендигине байланыштуу айыл башчы штатын кабыл алуу жөнүндө» токтому
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы
2015-жылдын 7-августу № 22 Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык калктуу конушу айыл категориясына киргизилгендигине байланыштуу айыл башчы штатын кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 8-июнундагы №125 “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош областарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө ”Мыйзамынын 3-беренесине таянып Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык калктуу конушу айыл категориясына киргизилгендигине байланыштуу айыл башчы штатын кабыл алууну жана айыл башчы штатын каржылоого каражат бөлүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык калктуу конушу айыл категориясына киргизилгендигине байланыштуу 2013-жылдын 28- июнь айындагы №383 токтомунун ылайык жектектөөчү адистин деңгээлинде 1 айыл башчы штаты бекитилсин.
2. Айыл башчы штатын каржылоого Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин 6 айындагы кошумча түшкөн каражаттан сметага ылайык акча каражаты бөлүнүп берилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюжет,салык,финансы,экономикалык саясат жана минуципалдык менчик” боюнча туруктуу. комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага
М. Суранов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force