Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Корул айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык мыйзамынын Алай району боюнча башкармалыгын 20.03.2015-жылдагы №14-05-10/151 катын аткаруу жөнүндө» токтому
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 4-отуруму
2017-жылдын 10-февралы № 4/13 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык мыйзамынын Алай району боюнча башкармалыгын 20.03.2015-жылдагы №14-05-10/151 катын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын №182 31-декабрь 2014-жылдагы мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган КР салык кодексинин 337-статьясынын 6-пунктуна өзгөртүү киргизилип, жергиликтүү кенештер айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын 3 эсеге чейин көбөйтүүгө укук берилгендигине таянып, Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын №182 31-декабрь 2014-жылдагы мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган КР салык кодексинин 337-статьясынын 6-пунктуна өзгөртүү киргизилип, жергиликтүү кенештер айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын 3 эсеге чейин көбөйтүүгө укук берилгендигине таянып, айыл өкмөтүнүн айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын 3 эсеге чейин көбөйтүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке жана салык кызматкери Т.Оморовго милдеттендирилсин.
Төрага
Т. Маназаров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Налоговый кодекс КРКодекс · 17.10.2008 · № 230 · No longer in force
- Закон «О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики»Закон · 31.12.2014 · № 182 · No longer in force