Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Токтогул шаардык кеңешинин «Токтогул шаарынын мэриясынын жана Токтогул шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык бирдиктерин кароо, бекитүү жөнүндө» токтому
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
2017-жылдын 15-февралы № 110 Токтогул шаарынын мэриясынын жана Токтогул шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык бирдиктерин кароо, бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011-жылдагы № 451, 452 токтомдоруна ылайык Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин, ФЭБнун башчысы Н.Кулузакованын сунуштарын кароонун жыйынтыгы жөнүндө, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап, чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан жактыралгандыгы белгиленсин жана төмөндөгү штаттардын сан эсеби бекитилсин.
2. Токтогул шаардык мэриясы боюнча:
Жооптуу кызматкерлер - 16 штаттык бирдик; Тейлөөчү кызматкер - 3 штат; Баардыгы: 19 штат бирдиги бекитилсин (КР Өкмөтүнүн токтому 2011-жыл 05-август № 451)
3. Токтогул шаардык кеңеши боюнча:
Жооптуу кызматкерлер - 4 штаттык бирдиги; Тейлөөчү кызматкер -2 штат; Баардыгы: 6 штаттык бирдиги бекитилсин (КР Өкмөтүнүн токтому 2011-жыл 05-август № 452) Анын ичинен: 2017-жылдын 1-январынан баштап 2018-жылдын 1-январына чейин, Токтогул шаардык кеңешинин төмөндөгү кызматкерлери Токтогул шаардык мэриясында убактылуу иштөөнү улантышсын:
• башкы адис А.Койчубаев Токтогул шаардык мэриясына салык жыйноочулары менен биргеликте иш алып баруу үчүн;
• иш кагаздарды жүргүзүүчү Э.Эркинбекова иш кагаздарын жүргүзүү милдеттерин аткаруу үчүн;
4. Ушул токтом менен бекитилген штат бирдиктерине ылайык иш жүргүзүү жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагын өзүмө калтырамын.
6. Токтом кыргыз тилинде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага
К. Дербишев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 2
References (2)
- Постановление Правительства КР от 5 августа 2011 года №452 "Об утверждении типовых структур и штатной численности аппаратов городских кенешей городов республиканского…Постановление · 05.08.2011 · № 452 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 5 августа 2011 года №451 "Об утверждении типовой структуры и штатной численности исполнительного органа местного самоуправления Кыргызской…Постановление · 05.08.2011 · № 451 · No longer in force
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О государственной гражданской службе и муниципальной службе»Закон · 30.05.2016 · № 75 · No longer in force
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force