Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
А. Анаров айылдык Кеңешинин «Алля Анаров айыл өкмөтүнүн аймагындагы кара малдарды идентификациялоодо ветеринардык кызматкерлердин эмгек акынын жана кулак бирка номерин ошондой эле мергендердин эмгек аксын белгилеп берүү жөнүндө» токтому
А. АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А. Анаров айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясынын
2017-жылдын 11-февралы № 9 Алля Анаров айыл өкмөтүнүн аймагындагы кара малдарды идентификациялоодо ветеринардык кызматкерлердин эмгек акынын жана кулак бирка номерин ошондой эле мергендердин эмгек аксын белгилеп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Малдарды идентификациялоо жөнүндөгү» мыйзамынын жана Араван районунун мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 16-февраль айындагы №26-б буйругунда көрсөтүлгөн идентификация жүргүзүүнү сапаттуу жолго коюу, кутурма жана эхинококкоз оорусуна каршы күрөшүүдө ветеринарлардын жана мергендердин кызмат акыларын ошондой эле кулак-бирка нарктарын өз алдынча карап депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен А.Анаров айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкулап төмөндөгүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара малды идентификациялоо учурунда малдын ээси тарабынан ветеринардык адистке кызмат акына ар бир башка 30 сомдон, ошондой эле ар бир малга тагыла турган кулак биркасы 37 сом 76 тыйын квитанциясы негизинде атайын эсептик счетко которулуп берилсин.
2. Элдин арасында кутурма оорусуна каршы профилактикалык жумуштарды жүргүзүүдө дейди иттерди жана жырткычтарды жок кылуу үчүн атайын мерген аркылуу келишим негизинде ар бир атылган карышкырга 5000 сом, чөө-бөөрү үчүн 2000 сом жана иттерге 250 сомдон айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Р. Худайбердиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «Об идентификации животных»Закон · 06.06.2013 · № 91