Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Бекмолдо айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмү жөнүндө» токтому
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 217 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” 451 сандуу токтомуна ылайык Талас районунун Бекмолдо айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жанаштаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Айылдык аймактын администрациялык борбору болуп саналган калктуу пункттан тышкары ар бир калктуу пунктта жетектөөчү адистин деңгээлинде кызматтык маянасы менен ошол калктуу пункттун тургундарынын ичинени “Айыл башчысы” (айылдын старостасы) кызмат орду (2 штаттык бирдик) бекитилсин;
3. Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн каттоодо 300гө чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу, бир бошотулган кызматкер - аскердик-эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (1 штаттык бирдик) бекитилсин;
- каттоодо 300дөн 1000ге чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болсо-эки бошотулган кызматкер жана андан кийинки ар бир 1000 аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучуларга- бирден бошотулган кызматкер-аскердик-эсепке алуу столунун инспектору бекитилсин.
4. Бекитилген Айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жанаштаттык санына жараша Талас райондук каржы бөлүмү (Досмамбет уулу Догдурбек) тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Өмүралиевага жүктөлсүн.
Төрага
К. Орозалиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О государственной гражданской службе и муниципальной службе»Закон · 30.05.2016 · № 75 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 5 августа 2011 года №451 "Об утверждении типовой структуры и штатной численности исполнительного органа местного самоуправления Кыргызской…Постановление · 05.08.2011 · № 451 · No longer in force