Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Таш-Дөбө айылдык кеңешинин «Таш-Дөбө айыл аймагындагы жайыт багытындагы жер тилкелерин башка категорияга которуу жөнүндө» токтому
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Таш-Дөбө айылдык кеңешинин кезектеги 1- сессиясы
2017-жылдын 30-январы № 1/3 Таш-Дөбө айыл аймагындагы жайыт багытындагы жер тилкелерин башка категорияга которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 15 беренесине жана Кыргыз Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү убактылуу Жобого ылайык, Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңешиинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын «Кош-Булак» өрөөнүндө жайгашкан №535, №536, №537, №538, №539, №540 контурлары кирген жалпы аянты 3,70 га болгон жайыт катары пайдаланууга мумкүн болбогон асылдуулугу төмөн жер тилкесин суу сактоочу жай жана чакан ГЭСтерди куруу максатында кошумча «Кашка-Суу» өрөөнүнүн оозунда жайгашкан №594 контурундагы 2,40 га жерден 0,40 га жер ГЭС курууга бөлүнүп суу фондусунун жерлерине которууга макулдук берилсин. Жалпы 4,10 га жер.
2. Таш-Дөбө айыл аймагына тиешелүү 4,10 га жайыт жери категориясынан суу фондусунун жерлерине которуу (трансформациялоо) иштери аяктагандан кийин чакан ГЭСтерди, гидротехникалык, энергетикалык курулмаларын куруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык «ДАТТ ЭНерджи» жоопкерчилиги чектелген коомуна узак мөөнөткө келишимдин негизинде бекитилип берилсин.
3. «Кош-Булак» өрөөнүндөгү №535 контурдан «Кашка-Суу» өрөөнүнүн оозундагы №594 контуруна чейинки аралыктагы суунун жээгинен жалпы аянты 7 га жер ГЭС курууга суу түтүктөрүн алып өтүүгө берилсин.
4. Жумгал райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде айыл чарба өндүрүшүнүн чыгым жоготуулары көрсөтүлгөн пайда үчүн төлөмдөрү «ДАТТ ЭНерджи» жоопкерчилиги чектелген коомунан толук өндүрүлгөндөн кийин райондук жер кадастрдык документтерине өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын «Кош-Булак» өрөөнүндө жайгашкан №535, №536, №537, №538, №539, №540 контурлары кирген жалпы аянты 3,70 га болгон жайыт фондусуна караштуу жер тилкесин суу сактоочу жай жана чакан ГЭСтерди куруу максатында «Кашка-Суу» өрөөнүнүн оозунда жайгашкан №594 контурундагы 2,40 га жерден 0,40 га жер ГЭС курууга бөлүнүп, суу фондусунун жерлерине которууга макулдук берүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул жерлерди трансформациялоо маселесин киргизүү суралсын, жалпы аянты 11,10 га.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мойноковго милдеттендирилсин.
Төрага
М. Мусаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
- Постановление Правительства КР от 19 марта 2014 года № 169 "Об утверждении Временного положения о порядке перевода (трансформации) земельных участков"Постановление · 19.03.2014 · № 169 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики»Закон · 02.06.1999 · № 46 · No longer in force