Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Нарын шаардык кеңешинин «Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине 3 акысыз көрсөтүлүүчү кызматтарды киргизүү жөнүндө» токтому
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXV сессиясы
2016-жылдын 15-сентябры № 1 Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине 3 акысыз көрсөтүлүүчү кызматтарды киргизүү жөнүндө Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июунундагы №302 “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомун ишке ашыруу Нарын шаардык мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан элге көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатуу жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, 10-апрель 2015-жылы Нарын шаардык мэриясынын №86-б буйругу менен бекитилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча комиссиясы тарабынан иштелип чыкты. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү Нарын шаардык мэриясы тарабынан жарандарга көрсөтүлүп келе жаткан кызматтарга карата алгачкы инвентаризация жүргүзүү менен башталып, жыйынтыгында Нарын шаардык мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан 45 кызмат көрсөтүүлөрү аныкталып, алардын ичинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Базалык реестрге кирген кызматтарды жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын негизинде берилүүчү кызматтарды алып салганда комиссия муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине киргизүүгө ылайыктуу деп 3 акысыз кызматты аныктады. Аларга: -1-4-класска чейинки окуучуларды бекер ташуучу транспорт каражаты менен камсыз кылуу; -Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таш көмүр үчүн акчалай компенсация берүү; -Нарын шаарынын тургундарын бир жолку материалдык жардам менен камсыз кылуу; Комиссия жана Нарын шаардык мэриясы көрсөтүлүп жаткан кызматтардын критерийлеринин ылайыктуулугун карап, анализ жүргүзүү менен аныкталган 3 акысыз көрсөтүлүүчү кызматтарды киргизүү менен, муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин долбоорун Нарын шаардык Кеңешинин сессиясында карап берүү сунушу менен кайрылышкан. Көрсөтүлүп жаткан кызматтардын критерийлеринин ылайыктуулугун карап, анализ жүргүзүү менен аныкталган 3 акысыз көрсөтүлүүчү кызматтарды киргизүү менен, муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитип берүү боюнча шаардык мэриянын жана туруктуу комиссиянын сунуштарынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: Сессияга катышкан депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгынын негизинде муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине киргизүүгө ылайыктуу деп табылган төмөндөгү 3 акысыз кызматты муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесине киргизүүгө макулдук берилсин . -1-4-класска чейинки окуучуларды бекер ташуучу транспорт каражаты менен камсыз кылуу; -Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таш көмүр үчүн акчалай компенсация берүү; -Нарын шаарынын жардамга муктаж айрым тургундарын бир жолку материалдык жардам менен камсыз кылуу;
Нарын шаардык Кеӊешинин төрагасы
Э. Турсуналиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Постановление Правительства КР от 3 июня 2014 года № 302 "О мерах по оптимизации системы предоставления муниципальных услуг"Постановление · 03.06.2014 · № 302 · No longer in force