Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Гулистан айылдык кеңешинин «Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-январындагы “Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарынын негизинде жарандарга турак-жай куруу үчүн жер участогун берүү боюнча жер комиссиясын түзүү жөнүндөгү” № 2-буйругун бекитип берүү тууралуу» токтому
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVII сессиясы
2016-жылдын 24-февралы № XXVII-I Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-январындагы “Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарынын негизинде жарандарга турак-жай куруу үчүн жер участогун берүү боюнча жер комиссиясын түзүү жөнүндөгү” № 2-буйругун бекитип берүү тууралу Гулистан айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 жана 2010-жылдын 18-сентябрындагы № 210 токтомдорунун негизинде жеке менчикке турак жайы куруу үчүн жер участоктору берүү боюнча жер комиссиясынын курамын бекитип берүүнү сунуштаган. Гулистан айыл кенеши айыл өкмөтү сунуштаган жеке менчикке турак жай куруу үчүн жер берүү боюнча жер комиссиясын курамын карап чыгып жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-январындагы “Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарынын негизинде жарандарга турак-жай куруу үчүн жер участогун берүү боюнча жер комиссиясын түзүү жөнүндөгү” № 2 буйругу бекитилсин.
2. Жер комиссиясы ишин Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 жана 2010-жылдын 18-сентябрындагы № 210 токтомдорунун ушул токтом менен бекитилген жобонун негизинде жүргүзсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр-жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы
И. Ташматов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 6 мая 2005 года № 177 "Об утверждении Положения о порядке предоставления земельных участков под индивидуальное жилищное строительство"Постановление · 06.05.2005 · № 177
- Постановление Правительства КР от 18 сентября 2010 года №210 "О внесении изменения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 6 мая 2005 года № 177 «Об утверждении…Постановление · 18.09.2010 · № 210