Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Бел айылдык кеңешинин «Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жылдын 25-январындагы “2013-жылга жайыт пайдаланууга жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2014-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү” №1 жалпы жыйынынын токтомун бикитүү тууралуу» токтому
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI сессиясы
2014-жылдын 24-майы № 12/2 Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жылдын 25-январындагы “2013-жылга жайыт пайдаланууга жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2014-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү” №1 жалпы жыйынынын токтомун бикитүү тууралуу Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жылдын 25-январындагы “2013-жылга жайыт пайдаланууга жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2014-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү” №1 жалпы жыйынынын токтомун депутаттардын айылдык кеңешин бекитүү максатында ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жылдын 25-январындагы “2013-жылга жайыт пайдаланууга жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2014-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндө” №1 жалпы жыйынын токтому бекитилсин.
2. Ноокат райондук жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин Ассоциясынын 2013-жылдын 19-январындагы “райондун аймагында жайытка чыккан малдардын жайыт акысын бирдей баага келтирүү жана КР Өкмөтүнүн 1992-жылдын 17-августундагы №403, 2004-жылдын 7-сентябрындагы №668 токтомдорунун негизинде жайыт пайдалануучулары тарабынан мыйзам бузууларга жол берген тараптарга жазана колдонуу жөнүндөгү” №5 катын аткарууга алуу жагы ЖПБ нын төрагасы М.Муратовго тапшырылсын.
3. Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жыл үчүн түзүлгөн божмол бюджети бекитилсин жана малдарын жайытка чыгаруу мөөнөтүн тиркемеге ылайык, малдарын айдап чыгуусун көзөмөмөлгө алуу ЖПБ нын төрагасы М.Муратовго тапшырылсын (тиркеме тиркелет).
4. Бел жайыт пайдалануучулар арасында өрт коопсуздугун сактоо жана мал ылаңдарына каршы алдын-ала эмдөөлөрүн өз убагында жүрүүсү боюнча жайытка чыккан малдарын эмдөөдөн өткөргөнү тууралуу ветеринардык аныктамалары менен чыгуусун көзөмөлдөө жагы ЖПБ нын төрагасы М.Муратовго тапшырылсын.
5. Бел жайыт пайдалануучулар тарабынан пайдаланылган жайыт акыларын өз убагында өндүрүү жана мамлекеттик салыктарды, социалдык казынага жана башка төлөмдөрдү өз мөөнөтүндө төлөнүшүн камсыздоо жагы ЖПБ нын төрагасы М.Муратовго тапшырылсын.
6. Ыңгайсыз жайыт жерлерин пайдалануу үчүн дарак отургузуу жана жайыт акылары төмөнкүдөй болуп, жайыттын өздөштүргөн жер үчүн ар бир сотик жерге 35 сомдон, чөп чабып жерлерге 1 гектарга 1000 (миң) сомдон акы алынсын. Жайыт жерлеринен топурак, шагыл, таш, кум алуучулар үчүн Камаздын бир рейсине 2000 сомдон, Зилге 1500 сомдон, ГАЗ-53 автоунаасына 1000 сомдон, портерлерге 500 сомдон жана жайыттан кыйыр пайдалануучулар үчүн ар бир бал челекке 30 сомдон акы алынсын.
7. Жайыт жерлерине бак дарак тигип мурунтан тосуп алган жеке тараптардан белгиленген өлчөмдөгү жайыт акылары чогултулсун. Эгерде мурунтан дарак эгип же чөп орунду катары тосуп алган жеке тараптар, жайыт акыларын төлөөдөн баш тарткан жеке тараптардын жерлерин алып коюу жана жайыттарды ачтыруу жагы ЖПБ нын төрагасы М.Муратовго тапшырылсын.
8. Жайыт жерлеринин экосистемасын сактоо, малдардын ар кандай ылаңдарын алдын алуу максатында жайытка чыкчу жолдорго айылдык аймактагы ветеринардык врачтар менен биргеликте ветеринардык, экопостторду уюштуруу жагы ЖПБ нын төрагасы М.Муратовго жүктөлсүн.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл , суу чарба, жер жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы
Т. Бекботоев
Чыгаша Бел жайыт комитетинин 2014-жыл Жумуш акы
№
Чыгашанын түрү
өлчөмү
айына
жылдык
1
Төрага
1
400
48000,00
2
Бухгалтер
1
3500
42000,00
3
Инспектор
1
3500
42000,00
Бардыгы 11000 132000,00
4
Соц фонд 17,25 % 22770,00
Бардыгы 154770,00
Администртивдик чыгым
5
Автотранспорт үчүн
12
2500
30000,00
6
Концеляр товары үчүн
12
250
3000,00
7
Элэнергия 100 квт
12
100
1200,00
8
Телефон
12
300
3600,00
9
Газета журнал
2
1000
2000,00
10
Кожолук буюмдарга
12
200
2400,00
11
Комондировичный чыгым
1
10000
10000,00
12
Башка чыгымдар (Райассоц)
1
5000
5000,00
Бардыгы 57200,00 Бардыгы администр чыгым. 211970,00 Налог
13
Жер налогу
5008,1
12,70
63603,00
14
Налог кирешеден 3%
10712,00
74315,00
15
Инфраструктураны оңдоо
65775
16
Кеңеш берүү кызматы
5000
Бардыгы 70775,00
Бардык чыгашанын жыйыныгы
357060,00
Үч жүз элүү жети миң алтымыш сом
“Макулдашылды” “Бекитемин” Бел айылдык кеңешинин төрагасы Бел жайыт комитетинин төрагасы _________________ Бекботоев Т ________________ Муратов М Токтом №Х-2 24-май 2014-жыл “___” _____________ 2014-ж
Бюджет Бел жайыт комитетинин 2014-жыл. Кирешеси
Расчет бир сезонго Малдын түрү саны баасы сумма
1. Бодо мал 450 120 54000
2. Торпогу 150 60 9000
3. Кой 3900 63 245700
4. Козу 2586 10 25860
5. Эчки 100 63 6300
6. Улагы 80 25 2000
7. Жылкы 85 120 10200
8. Кулуну 50 80 4000
Бардыгы: 357060
Күңгөй, Адыр жана Мечитмиян Талтай, Тескей бөлүмдөрү үчүн
Расчет бир айга
1. Бодо мал 50
2. Торпогу 30
3. Кой 10
4. Козу 10
5. Эчки 20
6. Улагы 20
7. Жылкы 100
8. Кулуну 40
Башка киреше булактары
1. Бал челек бир даана үчүн 30
2. Чөп орунду жерлер үчүн 1 сотых 100
3. Картошка эгүү үчүн 1 сотых 300
Жайыт жерлеринен топурак, шагал, таш, кум алуучулар үчүн Камаз үчүн 1500 ГАЗ – 53 и тр-р прицеп үчүн 1000 Портер автомашина үчүн 500
“Бекитемин” Бел айылдык кеңеши токтом № 12-2 24.05.2014-ж _______________ Бекботоев Т
Штраф
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №403 токтомунун 3-п негизинде (17.08.92) Бел жайыт комитетинин карамагында токойлорго материалдык жактан келтирилген зыяндар үчүн жоопкерчилик:
1. Декабрь, январь айларында дарак же бадал (шалжирап) кесип, токойлорго зыян келтирилсе кыйылган дарактар үчүн 10 эселенген өлчөмдө ар бир кыйылган дарак үчүн төмөнкүдөй жазана салынат.
Кесилген дарактардын тобунун диометирине 4 см ге чейин ______________________________ 3814-48 т 4 см ден 8 см ге чейин _______________________ 508-60 т 8,1 см ден 12 см ге чейин _____________________635 – 76 т 12,1 см ден 16 см ге чейин ____________________ 762-92 т 16,1 см ден 20 см ге чейин ____________________ 890-08 т 20,1 см ден 24 см ге чейин ____________________ 1017-20 т 24,1 см ден 28 см ге чейин ____________________ 1144-39 т 28,1 см ден 32 см ге чейин ____________________ 1271-58 т
30см ден кашкан кийин ар бир сантиметрине 381 сом 48 тыйын кошулат, бадалдарды ар бир түрбүнө 507 сом 06т кошулат.
2. Бел жайыт жерине уруксатсыз мал баккандыгы үчүн айыптар:
Ири мүйүздүү мал, жылкы жана эшекке 1 жэаштан жогоркусуна ар башына 940 сом. 1 жашка чейин музоо, тай ар башына – 470 сом Койлорго ар башына – 260 сом 82 т Эчкилерге ар башына – 1565 сом Бал челек бир даана үчүн – 60 сом Ар бир туткан балык үчүн – 505 сом Өз убактында жайыт акы төлөнбөгөндүгү үчүн 1-октябрдан баштап төлөнбөй калган жайыт акы үчүн күнүнгө 0,5 % пеня эсептелет.
3. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-сентябрындагы №668-токтомуна ылайык Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бел жайыт комитетинин карамагындагы бузулган ар бир метр квадрат жер кыртышына минималдык эмгек акыны көбөйтүү жолу менен жазана салынат.
4. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1992-жылдын 17-августагы №402 токтомунун негизинде жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыянга төлөнүүчү айыптырдын өлчөмү:
Жаныбарлардын түрү:
Кийик – 7065 сом, каман – 4238 сом, Суурлар, кашкулак – 2120 сом, чоң кирпи-3478 сом, Кекилик, кыргоол-706 сом, Сүлөөсүн-8477 сом, илбирс-199640 сом, бүркүт-14135 сом, ителги-31788 сом, коен – 1413 сом, суусар-3532 сом, Элик – 5600 сом. Куштарды ар бир жумурткасын алгандыгы үчүн – 200 сом Бел жайыт жерине уруксатсыз таш, шагал, кум жана топурак жүктөгөн автомашина жана тракторлорго 3000 сом, Портерге 1500 сом жазана (штраф) салынат. Бел жайыт жерине урусатсыз таш, шагал, кум жана топурак жүктөгөн Экскваторго 10000 сом жазана (штраф) салынат. Бел жайыт жерине уруксатсыз таш, шагал, кум жана топурак жүктөгөн жарандарга 3000 сом жазана (штраф) салынат. Бел жайыт жерине чыгындыларды таштаган техникаларга 5000 сом, ат-эшекке жүктөп таштагандарга 1000 сом жазана (штраф) салынат.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 7 сентября 2004 года № 668 "О материальной ответственности за ущерб, причиненный порчей земель"Постановление · 07.09.2004 · № 668 · No longer in force
- Постановление Правительства РК от 17 августа 1992 года №402 "Об утверждении такс для исчисления размеров исков за ущерб, причиненный ресурсам животного и растительного мира, а…Постановление · 17.08.1992 · № 402 · No longer in force