Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Жалал-Абад шаардык кеңешинин «Жалал-Абад шаарынын Тарсус кичи көчөсүндөгү муниципалдык батирлерди жеке менчикке өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жалал-Абад шаардык Кеңешинин XXV чакырылышынын V сессиясы
2015-жылдын 29-июну № 7 Жалал-Абад шаарынын Тарсус кичи көчөсүндөгү муниципалдык батирлерди жеке менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын Тарсус кичи көчөсүнүн тургундарынын шаардык кеӊешине жазган катыны шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Турак-Жай Кодексинин 58-беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесинин 2-пунктуна ылайык жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 08.06.2015-жылдагы №200-токтомун эске алып, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХIV-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Биргелешкен Араб Эмираттарынын Султанат Оман кайрымдуулук уюмунун каражаттарына курулган Жалал-Абад шаарынын Тарсус кичи көчөсүндөгү батирлерди жер тилкелери менен №1-тиркемеге ылайык ошол батирлерде жашаган жарандарга жеке менчикке өткөрүп берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетине (Б. Джусупбеков) №1-тиркемеде көрсөтүлгөн Тарсус көчөсүндөгү батирлерди жер тилкелери менен ошол батирлерде жашаган жашоочуларга акысыз негизде жеке менчигине өткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы
Н.Нишанов
Шаардык кеңештин «___»___2014 ж. XXIV - сессиясынын № ___ токтомуна №1 тиркеме
Жалал-Абад шаарынын Тарсус кичи көчөсүндөгү батирлерде жашоочулардын тизмеси.
№
Жалал-Абад шаарынын Тарсус кичи көчөсүнүн жашоочуларынын тизмеси
Дареги
Иштеген жери
Айтакалова Салтанат
Тарсус, 4-2
№9 мектеп
Ашимбаев Абдыкайым
Тарсус,7-1
Обл.филармония
Борукулов Кочкорбай
Тарсус,6-2
ММБК
Жээналиева Гульнара
Тарсус,7-2
Облустук оорукана
Команова Зулайка
Тарсус,5-1
ЖАМУ
Курбанова Шааркан
Тарсус,6-1
№1 ҮДБ
Хайткулов Нурбек
Тарсус,1-1
Шаардык финансы бөлүмү
Шерматов Абдыжапар
Тарсус,5-2
ЖАМУ
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О муниципальной собственности на имущество»Закон · 15.03.2002 · № 37
- Жилищный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 09.07.2013 · № 117