Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин «Кызыл-Кыя шаарынын И. Абдрахманов атындагы жатак мектебинин ата-энелер жамаатынын арызын кароо жана жатак мектебинин ишмердүүлүгүнүн абалы жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 19-июну № 32/114 Кызыл-Кыя шаарынын И. Абдрахманов атындагы жатак мектебинин ата-энелер жамаатынын арызын кароо жана жатак мектебинин ишмердүүлүгүнүн абалы жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кызыл-Кыя шаарынын №13 И.Абдрахманов атындагы жатак мектебинин ата-энелеринин 2015-жылдын 10-июнунда шаардык кеңешке кириш болуп катталган “Кызыл-Кыя шаарынын №13 И.Абдрахманов атындагы жатак мектебинин жоюулушуна жол бербей шаар үчүн алып калуу жөнүндө” кайрылуу катын Кызыл-Кыя шаардык кенешинин саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, спорт маселелери боюнча жана укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча комиссияларынын бириккен отурумунун чечимин эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарындагы №13 И.Абдрахманов атындагы жатак мектебинде шаардагы, шаар менен чектешкен Ноокат, Араван, жана Кадамжай райондорунда жашоо шарты оор, тоголок жетим, көп балалуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөрдүн балдарынын окугандыктарын эске алып, Кызыл-Кыя шаарынын №13 И.Абдрахманов атындагы жатак мектебин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-декабрындагы № 813 токтому менен бекитилген “2013-2016-жылдарга балдардын интернаттык типтеги мекемелерин башкарууну жана финансылоону оптималдаштыруу планынан” чыгаруу боюнча жана 2015-2016-окуу жылына окуучуларды 1-класска кабыл алууга уруксат берүү жөнүндө Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэрине (Ж.Рахматулаевге) Кыргыз Республикасынын Премьер министрине, Билим берүү жана Илим министрлигине жана Социалдык өнүгүү министрлигине сурануу каттарын даярдап жиберүү жагы милдеттендирилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы
А. Маткалыков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Правительства КР от 7 декабря 2012 года № 813 "Об оптимизации управления и финансирования детских учреждений интернатного типа Кыргызской Республики на 2013-2016…Постановление · 07.12.2012 · № 813 · No longer in force