Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Баткен шаардык Кеңешинин «Баткен шаарынын Кызыл-Дөң кварталынын Тамаша-Жай массивиндеги «Биримдик» кооперативинининин көп жылдык бак эсебиндеги үлүш жерлерин макулдуктарынын негизинде №1300 контурдагы Баткен шаар жайыт эсебиндеги аянтына алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2017-жылдын 17-марты № 01-10/19 Баткен шаарынын Кызыл-Дөң кварталынын Тамаша-Жай массивиндеги «Биримдик» кооперативинининин көп жылдык бак эсебиндеги үлүш жерлерин макулдуктарынын негизинде №1300 контурдагы Баткен шаар жайыт эсебиндеги аянтына алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө №33 Мыйзамынын 31-беренесинин 1;5- пункуттарына Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-главасынын 68-пункутуна жана Баткен шаар мэриясынын 2017-жылдын 9-мартындагы №03-4/273 каты менен «Биримдик» кооперативинин коп жылдык үлүш багын өзүлөрүнүн кат түрүндөгү макулдуктары жана жалпы жыйындын протоколу менен шаардык спорт комплексин куруу үчүн алмаштыруу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыкан шаардык кеңештин муниципалдык меничк, айыл чарба жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баткен шаарынын Кызыл-Дөң кварталынын Тамаша-Жай массивиндеги 4,5га өлчөмүндөгү “Биримдик” кооперативинин көп жылдык бак эсебиндеги үлүш аянттына үлүш жер ээлеринин кат түрүндөгү макулдуктарынын негизинде, Баткен шаарынын жайыт эсебинин, Чет-Булак массивиндеги №1300 контурундагы 4,5 га жер аянтына алмаштырууга макулдук берилсин.
2. Тамаша-Жай массивиндеги үлүш ээлеринин алмашылган жер аянтына шаардык спорт комплекси курулууга макулдук берилсин.
3. Жер аянттарын алмаштыруу үчүн тийиштүү чараларды көрүү менен юридикалык иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаар мэриясына М.Рахимовго тапшырылсын.
4. Шаар калкына шаардык “ Өрүкзар” газетасы аркылуу жеткирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага
А. Ташбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force
- Закон «О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики»Закон · 02.06.1999 · № 46 · No longer in force