Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Төөлөс айылдык кеңешинин «Төөлөс айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө» токтому
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Төөлөс айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын кезектеги 4- сессиясы
2017-жылдын 25-февралы № 4-9 Төөлөс айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.06.2007-жылдагы №243-токтому менен бекитилген " Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү типтүү жобосунун 22-пунктуна ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кенештин айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
М. Абдырахманов
Төөлөс айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия курамын кайрадан түзүү боюнча айыл аймагынын айылдык кеңешине СУНУШ.
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун тартибин күчөтүү жана мындан ары эффективдүү пайдаланууну камсыз кылуу максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.06.2007-жылдагы №243-токтому менен бекитилген “ Айыл чарба жерелеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү типтүү жобосунун 22-пунктуна негиз тиркемеге ылайык, сиздерге Төөлөс айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиясынын жаңы курамын бекитип берүүңүздөр үчүн сунуштаймын. (тиркеме тиркелет).
2. Төөлөс айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жер участокторун пайдалануунун тартибин күчөтүү жана мындан ары эффективдүү пайдаланууну камсыз кылуу максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы №571-токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү” типтүү жобосунун 7-пунктуна негиз тиркемеге ылайык, сиздерге Төөлөс айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын жаңы курамын бекитип берүңүздөр үчүн сунуштаймын. Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин төрагасы М. Абдырахмановго Айыл өкмөтүнүн жер адиси Т. Мамаюнусовдон Төөлөс айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын курамын бекитип берүүңүздү суранамын.
1. Мамаюнусов Тайир айыл өкмөтүнүн жер адиси
2. Бектурсунов Шарап айыл өкмөтүнүн эсепчиси
3. Ысманов Куштар айылдык кеңешинин депутаты
4. Жороев Арыстан айылдык кеңешинин депутаты
5. Мурзакулов Абийбилла айылдык кеңешинин депутаты
6. Асанов Пайзилда айыл башчы
7. Шерматов Маматемин айыл башчы
8. Мийзаев Абдималик айыл башчы
9. Мадаминов Ильяз айыл башчы
10. Мамкаттоо башкармалыгын адиси
11. Эшматов А айыл өкмөтүнүн башчысы кызматы боюнча кирет.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Постановление Правительства КР от 23 сентября 2011 года № 571 "Об утверждении Типового положения о порядке и условиях возмездного предоставления прав собственности или аренды на…Постановление · 23.09.2011 · № 571
- Постановление Правительства КР от 22 июня 2007 года № 243 "О Типовом положении об условиях и порядке предоставления в аренду земель Фонда перераспределения сельскохозяйственных…Постановление · 22.06.2007 · № 243