Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын социалдык өнүктүрүү жана материалдык сыйлоо фондун түзүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2009-жылдын 26 - декабры №11/63 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын социалдык өнүктүрүү жана материалдык сыйлоо фондун түзүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 23-январындагы №24 Мыйзамынын 10-беренесине негиз, Кызыл - Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын социалдык өнүктүрүү жана материалдык колдоо фонду түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын түзүлгөн социалдык өнүктүрүү жана материалдык сыйлоо фондуна жыл сайын шаардын жергиликтүү бюджетинин план-божомолунан ашыкча аткарылган сумманын 3% которулуп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин төрагасы:
М. Эранов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Закон «О государственной налоговой службе Кыргызской Республики»Закон · 23.01.2009 · № 24 · No longer in force