Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ноокат шаардык кеңешинин «Ноокат шаар мэриясынын 2014-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө Ноокат шаарынын мэринин отчету жөнүндө» токтому
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ноокат шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын XXI сессиясы
2015-жылдын 31-марты № XXI-1 Ноокат шаар мэриясынын 2014-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө Ноокат шаарынын мэринин отчету
Ноокат шаарынын мэри О.Тургунбаевдин Ноокат шаар мэриясынын 2014-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү Ноокат шаарынын мэринин отчетун угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын мэри О.Тургунбаевдин Ноокат шаар мэриясынын 2014-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 8-сентябрындагы №214 ”Кыргыз Республикасынын Ош областиндагы Ноокат районунун Эски-Ноокат айылдык кеңешинин жана Гүлистан, Чечме-Сай айылдык кеңештеринин жерлеринин бөлүгүнүн негизинде Ноокат шаарын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Барын айылына тиешелүү болгон жер аянттарынын бөлүгүн 2015-жылдын 1-июнуна тактап, аныктап чечүү жагы Ноокат шаарынын мэри О.Ж.Тургунбаевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы
А.Гафаров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.