Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ош шаардык кеңешинин «Ош шаарындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги объекттердин аталыштарын өзгөртүү жөнүндө Жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралу» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫ (I ЧАКЫРЫК)
2007-жылдын 15-майы № 230 Ош шаарындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги объекттердин аталыштарын өзгөртүү жөнүндө Жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралу Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын Ош шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 26-апрелиндеги № 88- «Ош шаарындагы географиялык объекттердин аталыштарын өзгөртүү жөнүндө Жобону бекитүү тууралу» токтомуна кечиктирилгис өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү сын-сунуштарын карап жана талкуулап, аталган Жобонун юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өтпөгөнүн эске алый, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин коммуналдык менчик, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2007-жылдын 10-майындагы № 12-токтомунун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлеринин негизинде, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги объекттердин аталыштарын өзгөртүү жөнүндө Жобонун жаңы редакциясы бекитилсин (№1-тиркеме).
2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 26-апрелиндеги № 88-«Ош шаарындагы географиялык объекттердин аталыштарын өзгөртүү жөнүндө Жобону бекитүү тууралу» токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Аталган токтомду Ош шаардык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин юристине (М.Авазов) тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин коммуналдык менчик, курулуш жана архитектура маселелери боюнча туруктуу дедутаттык комисеиясына (К.Алишеров) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы
Д.Алимбеков
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-майындагы № 230-токтомуна № 1-тиркеме
Ош шаарындагы географиялык (аянттарга, проспекттерге, парктарга, көчөлөргө, кичи көчөлөргө ж.б.) жана мамлекеттик маанидеги, объекттердин аталыштарын өзгөртүү боюнча ЖОБО
1. Ушул Жобо Ош шаарынын аймагындагы географиялык объекттерге (аянттарга, проспекттерге, парктарга, көчөлөргө, кичи көчөлөргө ж.б.) ошондой эле мамлекеттик маанидеги объекттерге ат ыйгаруу жана аттарын өзгөртүү тартибин аныктайт.
2. Георафиялык объекттерге ошондой эле мамлекеттик маанидеги объекттерге ат ыйгаруу, аттарын өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 5-мартындагы №108 «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» жана 2001-жылдын 17-сентябрындагы №564 жогоруда аталган токтомго толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомдорунун, Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-апрелиндеги «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 13-статьясынын акыркы абзацынын негизинде жүргүзүлөт.
3. Георафиялык обьекттерди атоого жана атын өзгөртүүгө байланышкан маселелерди кароодо мамлекеттик кызыкчылыкты эске алуу менен, географиялык, тарыхый, улуттук идеологияны чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган аталыштарга көңүл бөлүнөт.
4. Георафиялык обьекттерди атоо жана атын өзгөртүү, аларды белгилүү инсандардын аттары менен атоо төмөндөгү талаптардын негизинде жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын мамалекттик, саясий жана маданий өнүгүп өсүшүнө кошкон өзгөчө зор салымы үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Баатырларына, «Ак-Шумкар», «Манас» ордендери менен сыйлангандарга, СССРдин Баатырларына, Социалисттик эмгектин Баатырларына, СССРдин 3 даражадагы « Даңк» ордендеринин толук ээлерине;
Кыргыз Республикасынын жана Ош шаарынын өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилигинин сунушунун негизинде Совет бийлигин орнотууда, Ата Мекенди коргоодо, Кыргыз Республиасынын мамлекеттүүлүгүн чындоодо өзүнүн жеке баатырларча салымын кошуп, өзгөчө патриоттуулук көрсөткөндөргө;
- Кыргыз Республикасынын эл артисттерине, эл сүрөтчүлөрүнө, эл жазуучуларына, эл акындарына жана эл мугалимдерине, алардын шаар үчүн сиңирген эмгегине карата;
- Ош шаарында жашап жана кызмат өтөп, генерал наамын алгандарга;
- Улуттук уюштуруу комитетинин каттоосунан өткөн олимпиадалык, дүйнөлүк спорт оюндарынын чемпиондоруна, рекордсмендерине;
Атайын Өкмөт тарабынан сунушталган Ош шаарынын, Кыргыз Республикасынын экономикасына орчундуу салым кошкон чет өлкөлүк жарандарга, коомдук, мамлекеттик ишмерлерге;
- Констш уцпялык мөөнб.. голук иштеген жана ~ш\ ск сицирген, депутаттар Жана коомчулук тарабынан сөзгө калбаган таза, таасирдүү жана өрнөктүү милдет аткарган Ош шаардык Кенешинин терагасына, ошондой эле талапты аткарган Ош шаарынын мэрине;
- Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон беркм жылдарда катары менен үч жолу шаардык кеңештин, эки жол) шаардан шайланган Жогорку Кенештин депутаты болуп, шаардын социалдык-экономикалык, мадайий ө.нүгүүсүнө зор салым кошкон;
- шаар үчүн, эл үчүн. мамлекет үчүн өзгөчө эрдик көрсөтүп, баатырларча курман болгондорго;
- Ош шаарынын «Ардактуу Атуулдарына»;
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-сентябындагы №564-токтомунун 8-пунктунун негизинде коомдук жана мамлекеттик чыгаан ишмерлердин, ошондой эле кызматы сиңген башка адамдардын ысымдарын объекттерге ыйгаруу жана өзгөртүп атоо менен түбөлүккө калтыруу алар дүйнөдөн капткандан кийин жүгүзүлөт.
6. Георафик объекттердин атын атоо жана атын өзгөртүү жөнүндөгү сунуштардыОш шаардык Кеңеши, мэриясы ар бир атуул, эмгек жамааты, коомдук уюмдар киргизүүгө укуктуу.
7. Географиялык объекттердин атын атоо жана өзгөртүү жөнүндөгү сунуштар Ош шаарынын мэриясына, депутаттардын Ош шаардык Кеңешине сунушталат. Шаардын мэриясы тарабынан көрсөтүлгөн обьекттерди атоо жана атын өзгөртүү жөнүндөгү сунуштар ушул Жобого ылайык ар тараптан изилдегенден кийин, атын атоого байланышкан тиешелүү иштерди аныктап, кетүүчү чыгымдарды эсептеп, конкреттүү аталуучу обьекттин атын көрсөтүү менен, керектүү документтерди даярдап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешине кат жүзүндө сунуш жөнөтөт.
8. Ош шаардык Кецешине жөнөтүлгөн сунушта төмөндөгү документтер тиркелүүгө тийиш:
- объекттердин атын атоо жана өзгөртүү жөнүндөгү сунуштар кабыл алынган эмгек жамаатынын, коомдук уюмдардын жыйындарынын протоколунун көчүрмөсү;
- объекттерге атын ыйгарууга сунушталган адамдардын өмүр баяны, өзгөчө сиңирген эмгектерин, мамлекеттик сыйлыктарын көрсөткөн билдирүү (алардын көчүрмөсү).
9. Сунушталган материалдар шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын макулдугун билдирген токтомунун негизинде шаардык Кеңештин сессиясында каралат жана тийиштүү чечим кабыл алынат.
10. Ош шаарындагы өзгөчө мааниге ээ тарыхый көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө тыюу салынат. Бул тизме мэриянын сунушу менен шаардык кеңештин сессиясында бекитилет.
11. Георафиялык объекттердин атын өзгөртүү менен байланышкан бардык чыгымдар ошол обьекттер аймагында жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Ошондой эле демилгечилер тобунун, демөөрчүлөр жана тууган уруктары менен макулдашуу аркылуу бул иш чаралага керектелүүчү каражатын жергиликтүү бюджетке түшүрүү жолу менен дагы жүргүзүлөт.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин aппapaт жетекчиси:
З.Сасыкбаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 1 · related 0
Cited by (1)
References (2)
- Постановление Правительства КР от 5 марта 1998 года №108 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики "О географических названиях в Кыргызской Республике"Постановление · 05.03.1998 · № 108 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 17 сентября 2001 года №564 "О внесении дополнений и изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 5 марта 1998 года N 108 "О…Постановление · 17.09.2001 · № 564 · No longer in force