Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кабылан-Көл айылдык кеңешинин «Кабылан-Көл айыл аймагына караштуу Күңгөй айылына эмкана куруу жөнүндө» токтому
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын IV сессиясы
2015-жылдын 13-октябры № 4/2 Кабылан-Көл айыл аймагына караштуу Күңгөй айылына эмкана куруу жөнүндө Кабылан-Көл айыл аймагына караштуу Күңгөй айылына эмкана куруу үчүн түрткү берүүчү гранттын долбоорун карап жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кенешинин заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнгөй айылына эмкана (ФАП) куруу үчүн жазылган түрткү берүүчү гранттын долбоору жактырылсын.
2. Бул долбоорду ишке ашыруу максатында Кабылан-Кол айыл аймагынын Күңгөй участкасынан 0,04 га жер участогун бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Күңгөй айылына эмкана куруу үчүн жазылган түрткү берүүчү гранттын долбоору 172 2777 сомду түзөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 462 токтомунун негизинде 120 594 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин, анын ичинен 60272 сом накталай жана 60272 сом жумуш түрүндө аткарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономикалык саясат муниципалдык менчик, калкты жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кабылган-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы
Ш.Акаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.