Ош шаардык кеңешинин «Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелердин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.Your first answer comes right away - free, no sign-up.
(Ош шаардык кеңешинин 2017-жылдын 23-майындагы № 80 токтому менен өзгөртүүлөр киргизилди)
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXXIII сессиясы (үчүнчү чакырылыш)
2015-жылдын 26-октябры № 302 Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелердин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 21-сентябрындагы №384/08-6 Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелеринин максаттуу багыттарын өзгөртүп берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 22-сентябрындагы №30-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Токтосунов, Х.Абжабаров, О.Атабаева, М.Аскаров, Р.Атабаев, М.Шарабудинов, Х.Мусаева, М.Маманазаров, Я.Ибрагимова, О.Халилжанов, Б.Шакиров, М.Нематова, М.Саипова, Д. Умаров, У. Маманазаров Н.Токтосуновдорго караштуу Ишматов көчөсүндөгү мурдагы “Умра” ААКнын 15123,0 м.кв жер тилкесин өндүрүш багытынан турак-жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. “ТКК Перспектива” ЖЧКга караштуу Кулатов кичи району №11б дарегиндеги 2500,0 м.кв жер тилкесин калкты тейлөө багытынан көп кабаттуу турак-жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) тиешелүү иш кагаздарын даярдап токтом чыгаруу жагы милдеттендирилсин.
4. Шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгына (А.Жолдошов) уруксат иш кагаздарын даярдоо жагы милдеттендирилсин.
5. Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (Т.Марифов) укук-күбөлөндүрүүчү иш кагаздарын даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
6. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеӊешинин төрагасы:
А. Аланов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.Your first answer comes right away - free, no sign-up.