Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Үч-Дөбө айылдык кеңешинин»2014-жылдын 11-февралындагы № 14/4 «Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жайыттарды пайдаланууда, малдын башына акы белгилөө үчүн жайыт комитетинин 2014-жылдын 20.01.2014-ж №2 протоколу жөнүндө» токтому
ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2014-жылдын 11-февралы № 14/4 Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жайыттарды пайдаланууда , малдын башына акы белгилөө үчүн жайыт комитетинин 2014-жылдын 20.01.2014-ж №2 протоколу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 30 “Жайыт жөнүндөгү” мыйзамынын жана жайыттар жөнүндөгү КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомунун “ Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө” типтүүжобонун негизинде ,Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин башчысы С.Ахуновдун билдирүүсүн угуп талкуулап Үч-Төбө айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 30 “Жайыт жөнүндөгү” мыйзамынын жана жайыттар жөнүндөгү Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомунун “ Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө” типтүү жобонунталаптарына ылайык Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу жазгы жана күзгү жайыттарын пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтомунун “ Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө” типтүү жобонун негизинде ,жайыт комитетинин 2014-жылдын 20-январындагы №2 протоколунда көрсөтүлгөн малдын башына белгиленген төлөм тарифтери бекитилсин.
2. Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарды пайдалангандыгы үчүн мал башынан түшкөн акча каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2009-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомунун “Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө” типтүү жобого ылайык алып баруу, жайыт комитетинин төрагасы С.Ахуновго милдеттендирилсин.
3. 2014-жылдын 11-февралындагы Үч-Төбө айылдык кенешинин III чакырылышынын XIV кезектеги заседаниесинин № 14/4 токтомунун негизинде Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт үчүн төлөөчү тарифи 240350(Экижүзкырк мин үч жүз элүү) сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага тапшырылсын.
Үч-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы
Т. Акматов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 19 июня 2009 года №386 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики «О пастбищах»Постановление · 19.06.2009 · № 386
- Закон «О пастбищах»Закон · 26.01.2009 · № 30 · No longer in force