Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Чаек айылдык кеңешинин «Чаек айыл аймагынын айылдык кенешинин токтомдорун мамлекеттик (Кыргыз) тилде гана кабыл алуу жөнүндө» токтому
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чаек айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2015-жылдын 09-апрели № 2 Чаек айыл аймагынын айылдык кенешинин токтомдорун мамлекеттик (Кыргыз) тилде гана кабыл алуу жөнүндө Чаек айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу КР “Жергиликтүү депутаттардын статусу жөнүндөгү” мыйзамдын, Кыргыз Республикасындагы “Ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамдын 26-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы № 184 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү” типтүү жобонун 6-бөлүмүнүн талаптарынан ылайык, Чаек айыл аймагынын айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынын айылдык кенешинин токтомдору мамлекеттик (Кыргыз) тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом Чаек айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Чаек айылдык Кеӊешинин төрагасы:
А. Бодонбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 3
Related documents (3)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О нормативных правовых актах Кыргызской Республики»Закон · 20.07.2009 · № 241
- Закон «О статусе депутатов местных кенешей»Закон · 13.01.2000 · № 3
- Постановление Правительства КР от 25 марта 2010 года №184 "Об утверждении Типового положения о порядке регистрации нормативных правовых актов представительных органов местного…Постановление · 25.03.2010 · № 184