Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Жалал-Абад шаардык кеңешинин «Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан «Элдик» мамлекеттик ишканасына тийиштүү болгон мүлктөрдү муниципалдык менчикке алууга уруксат берүү жөнүндө» токтому
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жалал-Абад шаардык Кеңешинин VI чакырылыш XХV-сессиясы
2015-жылдын 03-сентябры №12 Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан «Элдик» мамлекеттик ишканасына тийиштүү болгон мүлктөрдү муниципалдык менчикке алууга уруксат берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 11.08.2015-жылдагы чыгыш №3-1/1507 жана 02.09.2015-жылдагы № 4-5/1642-каттарын шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХV-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан «Элдик» мамлекеттик ишканасына тийиштүү болгон төмөндөгү:
· Көкарт кичи районундагы 9,0 гектар жер тилкесин;
· Ю.Абдрахманов көчөсүндөгү жашылча-жемиштерди кайра иштетүү жана консервалоочу комбинатын;
· Т.Байзаков көчөсүндө жайгашкан №4-складдык жайын;
· Мельничный көчөсүндөгү №1-кыш заводун;
· З.Жамашев көчөсүндөгү 5 кабаттуу жана толук бүтпөгөн 3 кабаттуу турак үйлөрдү;
· Т.Байзаков көчөсүндөгү «Строймаркет» курулуш материалдарын сатуучу соода түйүндөрү жайгашкан имараттарын Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жеткирүү жагы жана бул маселе боюнча натыйжалуу иш алып бару жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы
Н. Нишанов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.