Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ак-Моюн айылдык кеңшинин (Айылдык кеңештин Регламентин жана айыл өкмөттүн жобосун бекитүү жѳнγндѳ) токтому
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 6-апрели № 3
1. Айылдык Кеңештин Регламентин, айыл өкмөттүн Жобосун бекитүү.
2. Жайыт комитетинин төрагасынын Ж.Осмонбековдун 2012-жылдагы аткарган иштеринин отчету. 2013-жылдын бюджетин, жайыт башкаруу планын жана жайыт акысын кароо жана бекитүү.
3. Жер адиси Т.Кадыркуловдун 2012-жылдагы аткарган иштеринин отчетун угуу жана 2013-жылдын иш-планын бекитүү.
4. Турак-жай адиси Т.Макешовдун 2012-жылдагы аткарган иштеринин отчетун угуу жана 2013-жылдын иш-планын бекитүү.
5. Соц. кызматкер С.Амангуловдун 2012-жылдагы аткарган иштеринин отчетун угуу жана 2013-жылдын иш-планын бекитүү.
6. Башкы бухгалтер Г.Көбөнованын 2012-жылга карата бюджетинин аткарылышын кайра кароо жана 2013-жылдын бюджетин бекитүү.
7. Бирлик айылдык клубдун башчысы Э.Жанаковдун арызын кароо.
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңеши жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айылдык Кеңештин Регламенти, айыл өкмөттүн Жобосу бекитилсин (тиркелет).
2. Жайыт комитетинин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2.1.Нарын, Ак-Талаа райондору ээлеп жүргөн мурдагы биздин жерлерди кайра алуу боюнча мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына, жер адиске жана жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
2.2.2012-жылдагы жайыт акыдан өнбөй калган 45 миң сом акча 1-майга чейин өндүрүлсүн. Жайыт комитетинин төрагасы Ж.Осмонбековго милдеттендирилсин.
2.3.Жайыт башкаруу планы, 2013-жылдын бюджети, депутаттардын сунуштарын эске алуу менен түзүлүп жана 2013-жылдын жайыт акысы коомдук угууга жиберилсин. Аткаруу жагы Ж.Осмонбековго милдеттендирилсин.
2.4.Жайыт комитетинин курамынын депутаттык тобуна төмөндөгү депутаттар киришсин:
1.Г.Аттокурова 4.У.Ыбышов
2.Ж.Тогозов 5.Ж.Кайыпов
3.Т.Түмөнбаев 6.Н.Шайкидинов
3.Жер адисинин 2012-жылдын аткарган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
3.1. 2011-жылы өткөрүлгөн аукционду жокко чыгарып, кайра аукцион өткөрүлсүн.
3.2.Жер үлүштөр, ФПСтин жерлери такталып аукционго коюлуп, арендага берилсин.
4.Турак-жай адиси Т.Макешовдун иши канааттандырарлык деп табылсын.
4.1.Айылдын ген планынын негизинде, айылдардын ички огороддорун жана жолдорун аныктап тактасын. Турак-жай башкы адиси Т.Макешовго милдеттендирилсин
5.Соц.кызматкер С.Амангуловдун 2012-жылда аткарган иштери канааттандырарлык эмес деп табылсын. Кызмат абалын кароо жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
6.2012-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча депутаттык комиссия түзүлсүн. Комиссия бюджеттин аткарылышын жана эмгек тартибин кайра карап кийинки сессияга сунуштасын. Комиссия курамына:
1.М.Манаев 4.Н.Шайкидинов
2.Б.Айдыралиева 5.Б.Абдрахманов
3.Т.Түмөнбаев
6.1.2013-жылдын жергиликтүү бюджети толуктоолору жана алымча-кошумчасы менен төмөндөгүдөй тартипте кабыл алынсын.
-«Тамчы-Булак» бала бакчасына 35000 сом, -«Бирлик-Таазими» бала бакчасына 35000 сом, -С.Мурзакматов орто мектебине 57000 сом, -А.Койчуманов орто мектебине 53000 сом, -А.Койчуманов орто мектебинин спорт залдын жылыткычы үчүн 25000 сом,
- С.Мурзакматов орто мектебине командировкага 10 000 сом,
-А.Койчуманов орто мектебине командировкага 10 000 сом, -Бирлик айылындагы ФАПка ремонтуна: 5000 сом, -Ак-Моюн айыл өкмөтүнө 73900 сом, -Ак-Моюн, Бирлик айылдарынын инфраструктурасына: 280000 сом.
Бардыгы: 548900 (беш жүз кырк сегиз миң тогуз жүз) сом. -Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү: 18278.4 сомго бекисин. Киреше бөлүгү:
К/№
Көрсөткүчтөр:
План 2013
1 кв.
2 кв.
3 кв
4 кв.
I.
Подоходный налог
360
63
90
90
117
II.
Бирдиктүү налог
20
2
5
5
8
III.
Ыктыярдуу патент
46
12,1
11,5
12,4
10
IV.
Кыймылсыз мүлккө салык
0,5
0,2
0,1
0,1
0,1
V.
Транспорт салыгы
105
10,7
31,5
62,8
VI.
Жер салыгы (физ.лиц.)
38,2
7,6
9,6
21
VII.
Жер салыгы (юрид.лиц.)
283
28,3
56,6
70,7
127,4
VIII.
Айыл чарбасына жараксыз жерден алынуучу салык.
10
3
2,5
2,5
2
IX.
Сатуудан жана акы алып кызмат көрсөтүүдөн алынуучу салык.
8
1,1
1,6
2,2
3,1
X.
Роялти
7
1,9
1,4
1,8
1,9
XI.
ФПСтин аренда акысы
20
5
5
5
5
XII.
Жер ресурстарынан алынган салык
5,5
1,4
1,4
1,4
1,3
XIII.
Госпошлина
6,4
1,6
1,6
1,6
1,6
XIV.
Административдик штрафтар
1,5
0,1
0,4
0,4
0,6
Баары жергиликтүү киреше:
911,1
138
218,2
276,9
278
XV.
Категориалдык грант
15391,5
2478,1
6279,7
1585,3
5048,4
XVI.
Теңдештирилген грант
1961,8
490,4
549,3
490,5
431,6
XVII.
Түрткү берүүчү грант
Баары гранттар:
17353
2968,5
6829
2075,8
5480
XVIII.
Республикалык бюджеттен берилген
XIX.
Атайын каражат
14
3,5
3,5
3,5
3,5
Жалпы киреше:
18278,4
3110
7050,7
2356,2
5761,5
Статья
Баары
1 кв.
2 кв.
3 кв
4 кв.
Бала-бакча
2111
Эмгек акы
1800,5
289,9
734,6
185,5
590,5
2121
Соц.фондго чегерүүлөр
310,6
50
126,7
32
101,9
2215
Ар-кандай чыгымдар
Баары:
2111,1
339,9
861,3
217,5
692,4
Мектеп
Эмгек акы
11326,6
1823,6
4621,3
1166,6
3715,1
Соц.фондго чегерүүлөр
1953,8
314,6
797,1
201,2
640,9
Ар-кандай чыгымдар
Баары:
13280,4
2138,2
5418,4
1367,8
4356
Библиотека
Эмгек акы
183,2
Соц.фондго чегерүүлөр
31,6
Ар-кандай чыгымдар
Баары:
214,8
0
0
0
0
Клуб:
Эмгек акы
392,9
Соц.фондго чегерүүлөр
67,8
Ар-кандай чыгымдар
Баары:
460,7
0
0
0
0
Аппарат
Эмгек акы
1368,9
Соц.фондго чегерүүлөр
204,6
Ар-кандай чыгымдар
Баары:
1573,5
0
0
0
0
2872,9=911,1+1961,8 623,9
Бюджеттин алымча-кошумчасын чечмелөө жагы кийинки отурумга калтырылсын.
7. Бирлик айылдык Клубуна «Маданий массалык иштер боюнча уюштуруучу» штаттык бирдиги Мамлекеттик бюджеттен каржыланса ачылсын, эгерде жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылана турган болсо аны жергиликтүү бюджет көтөрө албайт, каржылоо жагы райондук финансы бөлүмүнө сунушталсын.
Мыйзам чегинде аткаруу жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Г.Көбөновага тапшырылсын.
Тѳрайым:
Г. Аттокурова
2013-жылдын 6-апрелиндеги №3 токтомуна тиркеме
«БЕКИТИЛДИ» Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2013-жылдын 6-апрелиндеги №3 токтому менен
Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө жобо
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2013-жылдын 6-апрелиндеги №3 токтому менен бекитилген
Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө жобо
I. Жалпы жоболор
II. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн структурасы III. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн компетенциясы IV. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн негизги функциялары
V. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы
VI. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары VII. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары VIII. Айыл башчысы IX. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негиздери
X. Айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
XI. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу.
1.Жалпы жоболор
1.1.Айыл аймагынын айыл өкмөтү – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн орган. Айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ишке ашыруучу, ошондой эле аймактын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүчү орган болуп эсептелинет.
1.2.Айыл аймагынын айыл өкмөтү бир айылдык кеңеш – бир айыл өкмөтү принцибинде түзүлөт.
1.3.Айыл аймагынын айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Президенттин Жарлыктарын, Өкмөттүн токтомдорун, Жергиликтүү кеңештин чечимдерин, райондук мамлекеттик администрациясынын чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат. Айыл аймагынын айыл өкмөтү мамлекеттик бийлик органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө иштейт, Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө болгон конституциялык укуктарын жүзөгө ашыруучу шарт түзөт.
1.4.Айыл аймагынын айыл өкмөтү өзүнүн ишин жергиликтүү жамаат менен, коомдук уюмдар менен тыгыз байланышта жүргүзүп, жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөгү Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилдикке алынган укугун жана чыныгы жөндөмдүүлүгүн ишке ашырууну камсыз кылат.
1.5.Айыл аймагынын айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүүлүгүн төмөндөгү принциптерде ишке ашырат:
1) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ажырымдоонун;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында ачыктыгы жана жоопкерчиликтүүлүгү жана алардын өз иш-милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;
3) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
4) өзүн өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салу жана өзүн-өзү каржылоо;
5) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу эрктерин билдириши;
6) жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;
7) коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;
8) тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо.
1.6.Айыл аймагынын айыл өкмөтү юридикалык жак болуп эсептелинет, гербдүү мөөрү, тийиштүү штамптары болот.
1.7.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн уюштуруу-укуктук формасы – мекеме
1.8.Мекеменин толук аталышы:
Мамлекеттик тилде – «Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси, Расмий тилде – Учреждение «Айыл өкмөт Ак-Моюнского айылного аймака».
1.9.Айыл өкмөтүнүн жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Ат-Башы району, Ак-Моюн айылы, Казакбай Кыдыралиев көчөсү №62
2.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн структурасы
2.1.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн структурасы, штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталып бекитилет.
2.2.Айыл аймагынын айыл өкмөтү айыл өкмөтүнүн башчысынан, анын орун басарынан жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратындагы муниципалдык кызматкерлерден, айыл башчыларынан турат.
2.3.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппараты айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда, шайлоочулардын алдында отчетторун даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.
2.4.Айыл аймагынын айыл өкмөтү өзүнүн ишинде тийиштүү айыл аймагынын айылдык кеңешине, ал эми өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга отчет берет.
2.5.Өзүнчө жашашкан калктуу конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин оперативдүү чечүүнү уюштуруу максатында айыл аймагынын айылдык кеңешинин чечими боюнча айыл башчысынын кызмат орду киргизилиши мүмкүн.
2.6.Айыл аймагынын айыл өкмөтү өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча кабыл алган чечимдерге айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы кол коет.
2.7.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарган актылары тийиштүү аймакта милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
2.8.Жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарына жана милдеттерине тиешелүү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирет.
3.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн компетенциясы
Айыл аймагынын айыл өкмөтү:
1)аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын долбоорун иштеп чыгат жана алар айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аткарылышын камсыз кылат;
2)жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат, ал айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аны аткарат;
3)тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш чараларды жүзөгө ашырат;
4)жаңы жумуш орундарын ачуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;
5)ишканаларды менчиктештирүүгө жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансына социалдык маданий тиричилик жана чарбалык маанидеги объектерди жана алардын иштешине зарыл жабдуу-шайманды өткөрүп берүүгө катышат;
6)турак-жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана аймакты аббат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгып, жүзөгө ашырат;
7)муниципалдык менчикте турган жерлерди, ошондой эле айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин акыл-эстүү пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;
8)аймакка курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгып, жүзөгө ашырат, архитектуранын жана шаар куруунун нормалары менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;
9)жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана четтетүү, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырат;
10)Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка иш-чараларды жүзөгө ашырат.
4.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн негизги функциялары.
4.1.Аймактын жашоо турмушун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагына төмөнкү маселелери таандык кылынат:
1)тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу;
2)муниципалдык менчикти башкаруу;
3)жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
4)калкты ичүүчү суу менен жабдуу;
5)калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;
6)калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
7)жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
8)көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
9)жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
10)парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;
11)турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу;
12)муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;
13)жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый жетишкендиктерди сактоо;
14)жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
15)жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
16)тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу;
17)коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;
18)элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
19)бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
20)балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу;
21)дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
22)өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү.
4.2.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик укуктар таандык кылынышы мүмкүн.
4.3.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү берилип жаткан ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын зарыл болгон материалдык жана каржылык каражаттар менен бир эле убакта мамлекеттик камсыз кылуунун тартибин белгилеп, мыйзамдын же келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
4.4.Мамлекеттик бийлик органдары менен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда келишимдин шарттары тиешелүү айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш.
4.5.Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө мамлекет бир эле убакта мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди караган же берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка каржылоо булактарын аныктаган учурларда гана жол берилет.
4.6.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча айыл аймагынын айыл өкмөтү мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына отчет берет.
4.7.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнө берилиши мүмкүн болгон негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарга төмөнкүлөр кирет:
1)калктын жумуштуулугунун жана миграциянын программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу;
2)жарандардын эсебин алуу каттоосу, паспорт режиминин эрежелерин аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, жарандарды белгиленген тартипте эсепке коюуну жана эсептен чыгарууну жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин түзүү;
3)Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо;
4)мектептик, мектепке чейинки жана кесиптик билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү үчүн имараттар жана башка объектер менен камсыз кылуу;
5)Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариалдык аракеттерди жасоо;
6)жарандарга инсандык, үй-бүлөлүк, мүлктүк абалын ырастоочу документтерди жана мыйзамдар менен каралган башка документтерди берүү;
7)аскерге милдеттүүлөрдүн жана аскерге чакырылуучулардын алгачкы эсепке алынышын жүргүзүү, аларды аскердик эсепке кабыл алуу жана эсептен чыгаруу, аскердик кызматка чакырууну уюштурууга көмөктөшүү;
8)Айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин бөлүштүрүү жана пайдалануу;
9)айыл чарба өндүрүшүн келечектүү өнүктүрүү боюнча материалдарды жалпылоо, айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча экономикалык божомолдорду түзүү;
10)ветеринардык-санитардык, эпизоотияга каршы иш-чараларды жана мал чарбачылыкта селекциялык-асыл тукум жумуштарын өз убагында жүргүзүүнү уюштурууга көмөктөшүү;
11)айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүндүлөрүн тепсетүүгө каршы күрөшүү, өстүрүлгөн түшүмдү, токой коргоо тилкелерин жана токой массивин сактоо боюнча тиешелүү чараларды камсыз кылуу;
12)салыктарды, алымдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо;
13)курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
14)керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу;
15)тиешелүү аймакта жылуулук менен жабдууну уюштуруу;
16)даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү иликтеп билүү;
17)Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте айыл жерлериндеги балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар ай сайын берилүүчү жөлөк пулга үй-бүлөнүн муктаждык даражасын баштапкы аныктоо;
18)мыйзам менен белгиленген башка ыйгарым укуктар.
5.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы
5.1.Жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъектердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат.
5.2.Кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар, анысы мыйзамда белгиленген тартипте тындырыла же алып салына элек Кыргыз Республикасынын жараны айыл аймагынын айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
5.3.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы (мындан ары - аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл аймагынын айылдык кеңешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл аймагынын айылдык кеңешинин дептутаттары тарабынан шайланат.
5.4.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын ал шайланган мөөнөтү аяктаганга чейин 25 календардык күн калгандан кечиктирбестен дайындалат.
5.5.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда борбордук шайлоо комиссиясы бош орун пайда болгон күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындайт.
5.6.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 25 календарлык күндүн ичинде өткөрүлөт.
5.7.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет.
5.8.Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
5.9.Эгерде:
- катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын санынын азыраагын же теңин алса, добуштардын санынын көбүрөөгүн алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
5.10.Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.
5.11.Эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартышса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
5.12.Борбордук шайлоо комиссиясы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган күндөн тартып 3 календердык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.
5.13.Жаңы талапкерликти көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
5.14.Эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калса, Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча өткөрүлөт.
5.15.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун ушул жободо жөнгө салынбаган тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
5.16.Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт жана тиешелүү протокол түзөт.
5.17.Шайланган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбөлүгү берилет.
5.18.Эгерде тиешелүү кеңештин депутаттары тарабынан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент жергиликтүү кеңешти таратууну жүзөгө ашырат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.
5.19.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы шайланганга чейин райондун акими өз тескемеси менен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуну дайындайт.
5.20.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан аким тарабынан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1)жеке арызынын негизинде;
2)мыйзамдарды, прокуратура органдары тарабынан белгиленген же мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн – айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, мыйзамдар, Президенттин жана Өкмөттүн прокуратура органдары тарабынан белгиленген ченемдик укуктук актыларын бузуу фактылары кайталанган учурда – айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарын кабардар кылуу менен;
3)соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде;
4)ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда;
5)соттун өлдү, дайынсыз жок болду, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;
6)Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7)Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8)жылыш болбогон эмгекке жараксыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда;
9)айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда;
10)тараптардын (тиешелүү мыйзамдын алынышы, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайлар) эрк-ниетине көз карандысыз болгон жагдайлар боюнча.
5.21.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан ишенбестик билдирилген учурда аким кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же айыл аймагынын айылдык кеңешинин чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
5.22.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына Айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан кайра ишенбестик билдирилген учурда аким аны 3 айдын ичинде ээлеген кызматынан бошотот.
5.23.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда аким жаңы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучуну дайындай алат.
6.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары.
6.1.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы:
1)Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ишине жетекчилик кылат жана анын натыйжаларына жооптуу болот;
2)Айыл аймагынын айылдык кеңешине жергиликтүү бюджеттин долбоорун сунуштайт, жарым жылда бирден кем эмес кеңештин алдында айылдагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышы, аймактын социалдык экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө отчет берет.
3)берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн жеке жооптуу болот;
4)айыл аймагынын айылдык кеңешине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча сунуш киргизет;
5)өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда мамлекеттик мекемелер менен уюмдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү жөнүндө маселе коюуга укуктуу;
6)тиешелүү аймактык мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин дайындоого макулдук берет;
7)Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана андан бошотот.
8)жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле айыл аймагынын айылдык кеңешинин карамагына таандык кылынган маселелерди кошпогондо, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
9)Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка маселелерди чечет.
7.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
7.1.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ал жок болгон учурда анын ордуна иштейт жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарат.
7.2. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.
7.3.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар жөнүндө жоболор бирдей өлчөмдө анын орун басарына да колдонулат.
7.4. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө дайындалат.
7.5. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын кызмат ордунан бошотуу администрациялык кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылар үчүн каралган негиздер боюнча жана тартипте айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.
7.6.Айыл аймагынын айылдык кеңеши ушул Жобонун 5.20. бөлүгүнүн 1 жана 2 пунктарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан милдеттүү түрдө аткарууга жаткан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен бошотуу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.
7.7.Жергиликтүү кеңештин сунушу боюнча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын бошотпогон учурда сунуш киргизилген күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ээлеген кызматынан бошотулду деп эсептелет.
7.8.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын алдында аткаруучу иш-милдети үчүн жооптуу болот.
8.Айыл башчысы
8.1.Айыл аймагынын айылдык кеңешинин чечими боюнча өзүнчө жайгашкан калк конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл аймагынын айылдык кеңешинин чечими боюнча айыл башчынын кызмат оруну киргизилсе болот.
8.2.Айыл башчысы калыптанган каада-салттар боюнча калк конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнөн чыгып, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чечими менен берилген иш милдеттерди аткарат.
8.3.Айыл башчысы тиешелүү аймактагы тургундардын жыйындарынын макулдугу менен айыл башчысы дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп эсептелет.
8.4.Эгерде калк конуштан айыл аймагынын айылдык кеңешине депутаттар шайланбаса, айыл башчысы жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу.
9.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негиздери
9.1.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негизин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жергиликтүү жамааттарга бекитилген кирешенин салыктык жана бейсалык булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, кредиттик жана башка финансылык ресурстар, ошондой эле кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өткөрүп берилген жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алардын аймагынын чек арасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдаланылуучу жаратылыш ресурстары, ошондой эле тиешелүү аймакта ишти жүзөгө ашыруучу ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.
9.2.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен финансылык жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү бюджетти жана бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү жана аткаруу тартиби менен принциптери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
10.Айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби.
10.1.Айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жергиликтүү кеңештин чечими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте киргизилет.
10.2.Айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө жобосу жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
10.3.Айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилген учурда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө тийиш.
11.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу
11.1.Айыл аймагынын айыл өкмөтү Конституцияга, белгиленген тартипте кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келбеген актыларды чыгарууга, конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка тикелей коркунуч келтирүүчү аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний араздашууну үгүттөөгө багытталган башка аракеттерди жасоого укуксуз.
11.2.Жогоруда көрсөтүлгөн тартип бузуулар жасалган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Конституцияда, өзгөчө абал жөнүндө конституциялык мыйзамда каралган чараларды көрүүгө, анын ичинде буга күнөөлүү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ишин токтото турууга жана соттук чечим чыгарылганга чейин ушул аймакка тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүгө укуктуу. Тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүнүн тартиби жана мындай башкаруунун режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Өкмөт тарабынан аныкталат.
11.3.Тикелей мамлекеттик башкарууну киргизүү менен Өкмөт анын аткарылышын камсыз кылат жана зарыл болгондо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн укук ченемсиз актыларын жокко чыгаруу үчүн сот органдарына кайрылат.
Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы: Керимкулов Орозбек
2013-жылдын 6-апрелиндеги №3 токтомуна тиркеме
«БЕКИТИЛДИ» Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2013-жылдын 6-апрелиндеги №3 токтому менен
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2013-жылдын 6-апрелиндеги №3 токтому менен бекитилген
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламенти
I. Жалпы жобо
II. Айылдык Кеңештин ыйгарым укуктары III. Айылдык Кеңештин сессиясы IV. Айылдык Кеңештин депутаттарынын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери
V. Жашыруун жабык добуш берүүнү уюштуруу тартиби
VI. Айылдык Кеңештин туруктуу жана убактылуукомиссиялары VII. Айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары VIII. Айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары IX. Айылдык Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу
X. Айылдык Кеңештин ченемдик укуктук актылары
XI. Айылдык Кеңештин төрагасы XII. Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары XIII. Регламентти бекитүү өзгөртүү толуктоолорду киргизүүнүң тартиби XIV. Айылдык Кеңештин ыйгарым укуктарынын токтотулушу
1.Жалпы Жобо
1.1.Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңеши (мындан ары – айылдык кеңеш) – Ак-Моюн айылдык аймактагы айылдык кеңештин депутаттарынан турган, төрт жылдык мөөнөткө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
1.2.Айылдык кеңеш жалпыга бирдей, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен шайлануучу депутаттардан турат. Айылдык Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.
1.3.Депутаттардын ыйгарым укуктарын төмөндөгүлөрдүн кызмат оруну менен айкалыштырууга болбойт:
1)айыл өкмөтүнүн башчысынын жана анын орун басарынын;
2)айылдык кеңештин жооптуу катчысынын;
3)айылдын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын кызматкеринин;
4)Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын;
5)Өкмөт мүчөсүнүн же мамлекеттик кызматчынын.
1.4.Айылдык Кеңештин сандык курамы шайлоо өткөрүлгөн жылдын 1-январына карата абал боюнча Ак-Моюн айыл аймагынын администрациялык-аймактык бирдиктин калкынын статистикалык маалыматтарына ылайык саны боюнча 11 депутаттан турат.
1.5.Депутаттык мандат төш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.
1.6.Депутаттык мандаты колдонуу төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
1)туруктуу жашоосунда депутаттык функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеген башка жерге туруктуу жашоого көчүп кеткенде;
2)депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшырганда;
3)Мыйзамда каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо;
4)депутаттык мандаты адам тарабынан белгиленген тартипти бузу менен алынгандыгы билингенде (шайлоонун натыйжалары анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагылганда);
5)депутат соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же жөндөмдүү чектелүү деп табылганда;
6)депутат өлгөндө же ал дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
7)жыл ичинде кеңештин сессияларына жүйөлүү себептерсиз экиден ашуун катышпаганда;
8)депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
9)кеңеш таркатылганда.
1.7.Айылдык кеңештин депутаты кеңештин сессияларында же туруктуу комиссиялардын же айылдык кеңеш тарабынан түзүлгөн башка органдардын жыйналыштарында жеке кызыкчылыгын, башкача айтканда өзү, анын жубайы, ата-энеси, балдары, бир туугандары жана эже, карындаш-сиңдилери үчүн материалдык пайданы көздөгөн маселени (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоого тиешелүү маселелерден тышкары) кароого катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
1.8.Айылдык кеңеш өз иш милдеттерин аткарууну Мыйзамда жана ушул регламентте белгиленген мөөнөттө өткорүлүүчү өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана өз ишин кийинки чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы өткөрүлгөн күнү токтотот.
1.9.Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда айылдык кеңештин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
1.10.Айылдык кеңештин жергиликтүү мамлекеттик администрация менен өз ара мамилелери иш-милдеттеринин чегин ажыратуу, кеңешке жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияга өздөрүнө таандык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарды берүү принцибинин негизинде түзүлөт. Мамлекеттик бийлик органдары айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз. Аймактардын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча айылдык кеңеш сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына катышуу үчүн тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрүн чакыра алат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы аймакты өнүктүрүүнүн турмуштук маанилүү маселелери боюнча өз чечимдерин айылдык кеңеш менен консультациялашат жана жазуу жүзүндө макулдашат.
1.11.Айылдык кеңеш өзүнүн ишин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын , Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик, укуктук актыларынын жана ушул регламентинин негизинде жүргүзөт.
1.12.Айылдык кеңештин регламенти айылдык кеңештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу жана убактылуу комиссияларын, структурасын түзүү жана сессияны чакыруу мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.
1.13.Айылдык Кеңештин уюштуруу-укуктук формасы – мекеме
1.14.Толук аталышы: Мамлекеттик тилде – «Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңеши» мекемеси, расмий тилде – Учреждение «Айылный кеңеш Ак-Моюнского айылного аймака».
1.15.Айылдык Кеңешинин жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Ат-Башы району, Ак-Моюн айылы, Казакбай Кыдыралиев көчөсү №62.
2.Айылдык Кеңештин ыйгарым укуктары.
2.1.Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык төмөндөгү маселелерди карайт жана токтом кабыл алат.
1)жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2)жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчету бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкары фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
3)аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
4)жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5)жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;
6)жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
7)мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8)жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
9)тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10)кеңештин төрагасын анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
11)кеңештин регламентин кабыл алуу;
12)өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
13)Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан эсебин жана түзүмүн бекитүү;
14)муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;
15)алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
16)ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
17)жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
2.2.Айылдык кеңештин сессияларында кошумча иретинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет:
1)айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
2)ушул Мыйзамда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү;
3)тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
4)айыл чарбасына жарактуу жерлерди, чөп чабындыларды кайра бөлүштүрүү фонддорун, ижарага берүүнүн тартибин аныктоо.
3.Айылдык Кеңештин сессиясы
3.1.Айылдык кеңештин сессиясы анын ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп эсептелет.
3.2.Айылдык кеңештин сессиясы кеңештин жыйналышы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот.
3.3.Жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Айылдык кеңештин биринчи сессиясын айылдык кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат.
3.4.Айылдык кеңештин сессиялары ачык, кварталына, кеминде бир жолу айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт.
3.5.Айылдык кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран айылдык кеңеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык сессияларга катышууга укугу бар.
Айылдык кеңеш эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат. Айылдык кеңеш сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө, алардын сессияга кириши үчүн бардык шарттарды түзүүгө, ошондой эле көрүлгөн чаралар тууралуу жергиликтүү жамаатка маалымдоого милдеттүү.
3.5.Кеңештин сессиясы ар бир кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
3.6.Кеңештин төрагасы сессия өткөрүлө турган күнү, убактысы, күн тартиби жана сессия өтүүчү жай тууралу 5 күндөн кечиктирбей Кеңештин депутаттарына билдирет. Ошондой эле сессияда каралуучу маселелер боюнча чечимдин, токтомдун долбоору Кеңештин депутаттарына 3 күндөн кечиктирилбей таратылат.
3.7.Кеңештин кезексиз сессиясы Кеңештин төрагасы, Кеңештин туруктуу комиссиялары же Кеңештин жалпы депутаттарынын 1/3 бөлүгүнүн сунушу менен чакырылат.
3.8.Депутаттар тарабынан кезексиз сессияны чакыруунун сунушу жазуу түрүндө карала турган маселелерди көрсөтүү менен кезексиз сессияны өткөрүү зарылдыгы тууралуу Кеңештин төрагасына берилет.
3.9.Иш-план боюнча Кеңештин сессиясына материалдарды иш планда бекитилген жооптуу адамдар даярдайт. Ал эми пландан тышкары каралуучу маселелер боюнча маселени кароону сунуш кылган жактар даярдайт.
3.10.Кеңештин чечими менен кеңештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардан, адистерден, коомдук уюмдардан жанаалардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлүшү мүмкүн.
3.11.Кезектеги сессиянын күн тартибиндеги сунушталган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, маалымдамалар, кайрылуулар ж.б.) сессия болгонго чейин 3 күндөн кечиктирилбейкеңештин жооптуу катчысына жазуу түрүндө берилиши керек.
4.Айылдык Кеңештин депутаттапдын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери
4.1.Сессиянын жумушчу органдарын шайлоого, шайланууга жана ал органдарына өзүнүн талапкерлигин сунуштоого.
4.2.Күн тартибин иштөө тартиптери боюнча сунуштарды берүүгө, аны добушка койдурууга.
4.3.Сессиянын токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды сунуш кылууга жана добушка койдурууга.
4.4.Айылдык Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мекеме ишканалар ж.б.органдардын жетекчилеринин отчетторун угууну күн тартибине киргизүүнү сунуштоого.
4.5.Ыйгарым укуктарына ылайык депутаттык изилдөө, текшерүү жүргүзүү үчүн сессиянын чечимин чыгарууну сунуштоого.
4.6.Сессиянын регламентин жана иштөө тартибин толук сактоого.
4.7.Депутаттарга сессиянын жумушчу органдарына, чакырылгандарга сын мамиле жасоого (орой мамиле жасоого, аброюна шеек келтирүүгө жол берилбейт).
4.8.Сессиянын ишине активдүү катышууга жана ар бир талкууланган маселенин чечилишине өзүнүн жекече пикирин сактоо менен добуш берүүгө.
5.Жашыруун жабык добуш берүүнү уюштуруунун тартиби.
5.1.Айылдык Кеңештин 1-сессиясынын чечими менен жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча саны 3 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
5.2.Эсептөө комиссиясы өз чогулушунда, мүчөлөрүнө иш бөлүштүрөт (төрагасын, мүчөлөрүн бекитет), добуш берүү бюллетенин, добуштарды берүү ящигин жана бөлмөлөрдү жабык добуш берүүнү жүргүзүүгө даярдайт.
5.3.Сессияга катышып жаткан депутаттардын тизмесин тактап, ар бир депутаттын өз-өзүнчө добуш берүүсүң камсыз кылат. Эсептөө комиссиясы тарабынан жашыруун добуш берүүнүн эрежелерин толук сактоолору милдеттүү. Добуш берүүнү баштоонун алдында, эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн тартиби менен депутаттарды тааныштырат.
5.4.Айылдык Кеңештин төрагасына көрсөтүлгөн талапкер бюллетенге алфавиттик тартип менен жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу, бюллетендерди эсептөө добуш берген жайда жүргүзүлөт.
5.5.Бюллетенге талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты паспорт же өздүк документи боюнча толтурулат, бюллетенге башка маалыматтар жазылбайт.
5.6.Ар бир кандидатуралар боюнча «Колдогону», «Каршы» болгону жана «бузулган» бюллетендер боюнча жыйынтыгы чыгарылып, эсептөө комиссиясынын токтому түзүлүп, сессияда бекитилет.
5.7.Төраганын орун басарлыгына сунушталган талапкер ачык добушка коюлат. Добушту саноону, жыйынтыктоону эсептөө комиссиясы жүргүзөт.
5.8.Сессияга катышкан депутаттардын эң көп добушуна ээ болгон талапкер Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланат.
6.Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары.
6.1.Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдооошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле зарыл болгон учурда убактылуу комиссиялар түзүлөт.
6.2.Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби Айылдык Кеңеш тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаңы туруктуу комиссияларды түзө алат, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
6.3.Туруктуу комиссиялар тиешелүү айылдык Кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
6.4.Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алышат.
6.5.Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу боюнча айылдык кеңеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
6.6.Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
6.7.Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
6.8.Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
6.9.Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.
7.Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
7.1.Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары :
1)кеңештин кароосуна киргизилүүчү экономикалык, социалдык жана тиешелүү улуттук маданий өнүгүүгө байланышкан маселелерди даярдоого катышат;
2)айылдык аймактын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизет.
3)өзүнүн аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарылышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды кеңешке киргизет.
4.айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жана регламенттин талаптарынын аткарылышын сакталышына контролду ишке ашырат;
5)Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелүү кеңештин регламенти аркылуу сунушталган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
7.2.Айылдык кеңештин турктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелүү аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
8.Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары
8.1.Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат.
8.2.Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ушул комиссияларга мүчө болуп эсептелбеген депутаттар катыша алат.
8.3.Бир нече туруктуу комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле айылдык кеңештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.
8.4.Туруктуу комиссиялардын бардык мүчөлөрү бирдей укуктардан пайдаланышат.
9.Айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу.
9.1.Айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратына жүктөлөт.
9.2.Айылдык кеңештин аппараттарынын ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу – Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлөт.
10.Айылдык Кеңештин ченемдик укуктук актылары
10.1.Айылдык кеңештин карамагына таандык маселелер боюнча чечимдери, мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Айылдык кеңештин чечимдери токтом түрүндө чыгарылат да, кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат.
10.2.Өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган айылдык кеңештин чечимдери тиешелүү аймакта турган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарууга милдеттүү.
10.3.Айылдык кенештин ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
10.4.Айылдык кеңештин чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте четке кагылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
11.Айылдык Кеңештин төрагасы.
11.1.Айылдык кеңештин төрагасы кеңештин сессиясында айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө жашыруун добуш менен депутаттардын ичинен шайланат.
11.2.Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда айылдык кеңештин депутаттардын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушунун айылдык кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
11.3.Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
11.4.Айылдык кеңештин төрагасы:
1)Айылдык кеңеште сессиясын чакырат;
2)Сессияларга төрагалык кылат;
3)Айылдык кеңештин чечимдерине кол коет;
4)Айылдык кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
11.5.Айылдык кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
12.Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары.
12.1.Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары сессияда айылдык кеңештин депуцтаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттардын ичинен шайланат.
12.2.Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдетин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
12.3.Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
12.4.Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
13.Регламенттик бекитүү, өзгортүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
13.1.Депутаттар тарабынан регламентке өзгөртүү, толуктоо киргизүүгө сунуш бере алат. Сунуштар атайын түзүлгөн жумушчу топто каралат.
13.2.Айылдык кеңештин регламентин депутаттардан турган жумушчу топ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыккандан кийин Кеңештин сессиясына бекитүүгө коюлуп, сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
14.Айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын токтотулушу
14.1.Айылдык кеңештердин ыйгарым укуктары айылдык кеңештин жаңы курамы түзүлүшүнө, Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу токтотулат.
14.2.Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүдөй учурларда таркатылышы мүмкүн:
1)айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган чечим боюнча;
2)Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Мыйзамдарында каралган учурларда, Премьер министрдин же Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент тарабынан;
3)Ак-Моюн айыл аймагынын чек араларынын өзгөрүшүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында.
14.3.Өзүн-өзү таратуу жөнүңдө айылдык кеңештин чечими кеңештин төрагасы тарабынан Жарлык чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
14.4.Чек араны өзгөртпөстөн администрациялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана айылдык кеңешти таратууга алып келбейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин кайра уюштурууга байланыштуу айылдык кеңешти таратуу жөнүндө Жарлыгы, эгерде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамдын өзүндө башкача мөөнөт каралбаса тиешелүү администрациялык-аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен чыгарылышы керек.
14.5.Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да Президенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлыгы расмий жарыяланган күңдөн тартып таркатылды деп эсептелет.
14.6.Айылдык кеңеши мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документеринин сакталышына жоопткерчиликти Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы өз мойнуна алат.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 2 · related 0
Cited by (2)
- Ак-Моюн айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 23-январындагы № 2/1 "Х чакырылыштагы Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеӊешинин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.01.2017 · № 2/1
- Ак-Моюн айылдык кеңешинин 2017-жылдын 23-январындагы №2/1 "Х чакырылыштагы Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеӊешинин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · № 2/1