Ноокат шаардык кеңешинин 2026-дылдын 5-июнундагы №2 Ноокат шаар аймагында жыл сайын “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн” белгилөө жөнүндө токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ноокат шаардык кеңешинин VII-чакырылышынын 3-сессиясы
2026-жылдын 5-июну №1 Ноокат шаар аймагында жыл сайын “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн” белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жыл 11-февралындагы №40 Жарлыгын аткаруу, шаар аймагында экологиялык таза органикалык өндүрүштү өнүктүрүү, курчап турган чөйрөнү коргоо, калктын дени сак тамактануусун камсыздоо жана жашыл экономика принциптерин жайылтуу максатында - Ноокат шаар аймагында жыл сайын “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн” белгилөө үчүн, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Ноокат шаардык кенешинин Муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын берген корутундусуна ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жыл 11-февралындагы №40 Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын жана шаар аймагында жыл сайын Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү расмий түрдө белгиленсин.
2.Ноокат шаар мэриясына төмөндөгү иш-чараларды туруктуу негизде уюштуруу тапшырылсын: - Жыл сайын Органикалык айыл чарба күнүнө карата жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, фермерлердин экологиялык таза продукцияларынын шаардык көргөзмө-жарманкесин өткөрүү; - Калк арасында органикалык продукциялардын маанилүүлүгү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү кампанияларын, семинарларды жана "тегерек үстөлдөрдү" уюштуруу;
- Билим берүү мекемелеринде дени сак тамактануу жана экологиялык маданиятты калыптандыруу боюнча атайын ачык сааттарды өткөрүү.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо үчүн иш-чаралар планы бекитилсин жана аны каржылоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен тиешелүү беренелер боюнча каралсын.
3.Ушул токтом Ноокат шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын.
4.Шаардык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелр жана энергетика боюнча туруктуу туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
| Төрага | М.Эгембердиев |
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.