Баетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Баетов айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамак-ашы үчүн төлөмдү компенсациялоо жөнүндө» Токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ КЕЗЕКСИЗ V СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 1-сентябры № 5/4
Баетов айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамак-ашы үчүн төлөмдү компенсациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 28-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы №257 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу тартибине ылайык, жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдарга берилүүчү тамак-аштын күнүмдүк калькуляциясын иштеп чыгуу мектепке чейинки уюмдардын жетекчилери менен биргеликте Баетов айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтерине тапшырылсын.
2. Өтө аялуу катмарда жашаган, тамак-аш үчүн белгиленген төлөмдү төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок үй-бүлөлөрдү аныктоо жана тиешелүү тизмесин түзүү Баетов айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адисине тапшырылсын.
3. Социалдык абалы аныкталган үй-бүлөгө тамак аш үчүн белгиленген төлөмдүн 30 пайызы жергиликтүү бюджеттен компенсациялоо жагы 2026-жылдын сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь айлары үчүн эске алынсын.
4. Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Ушул токтом Баетов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Баетов айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
| Төрага | Ч. Азимжанов |
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.