Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин «Атайын техниканын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 14/109 Атайын техниканын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, Кыргыз Республикасынын Салык кодексин, ошондой эле муниципалдык менчикти натыйжалуу пайдаланууну, атайын техникалардын эксплуатациялык чыгымдарын жабууну жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүнү камсыз кылуу максатында, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл өкмөтүнүн балансындагы атайын техникалардын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Гавриловка айыл өкмөтү
- бекитилген тарифтердин негизинде атайын техникалар аркылуу кызмат көрсөтүүнү уюштурсун;
-көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөмдөрдүн жергиликтүү бюджетке өз убагында түшүүсүн камсыз кылсын; -техникаларды пайдаланууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылсын.
3. Финансы маселелери боюнча жооптуу кызматкер көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн каражаттардын өз убагында эсепке алынышын жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын Гавриловка айылдык аймагынын МИ көрктөндүрүү комбинатынын башчысы Шамуза Рашид Мухамеевичке жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 24-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=131 расмий сайтында жарыяланды
| Төрага | Б.М.Мамыркулов |
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Налоговый кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 18.01.2022 · № 3