Кетмен-Дөбө айыл аймагынын «Мазар-Суу айылындагы жаңы ачылган көчөгө Рашов Кулушбектин ысымын берүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII - сессиясы
2025-жылдын 18-августундагы №66
Мазар-Суу айылындагы жаңы ачылган көчөгө Рашов Кулушбектин ысымын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги обьектерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу” Жобонун негизинде (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 токтомдорунун редакцияларына ылайык) жана Кетмен-Дөбө айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын 2025-жылды 18-августундагы №6 протоколдук чечимин жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 08-августундагы №01-17-25/1758 сунушун талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кетмен-Дөбө айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын 2025-жылды 18-августундагы №6 протоколдук чечими жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 08-августундагы №01-17-25/1758 сунушу колдоого алынсын.
2 Мазар-Суу айылынындагы жаңы ачылган көчөгө көп жылдар бою үзүрлүү эмгек сиңирген атуул Рашов Кулушбектин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
3.Мазар-Суу айылынындагы жаңы ачылган көчөгө көп жылдар бою үзүрлүү эмгек сиңирген атуул Рашов Кулушбектин ысымы ыйгарылгандан кийинки тиешелүү баардык документтерди даярдатуу,жазмаларды,белгилерди илдирүү уул-кыздарына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү,жалпыга маалымдоо каражаттары,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш жана мыйзамдуулукту ,укук тартибин сактоо,жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу башчысы Д.Тургунбаевага тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Бул токтом https://www.ketmen-dobo.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
| Төрага | А.С.Алишеров |
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 19 августа 2008 года № 467 "О Межведомственной комиссии по рассмотрению вопросов административно-территориального устройства и географических…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · No longer in force
Showing 1 of 2. The full list is in the links panel.