Кетмен-Дөбө айыл аймагынын « Ак-тектир айылынын “Датка” калктуу конушундагы жаңы ачылган Көчөгө Дүйшөналиев Жунусбектин ысымын берүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII - сессиясы
2025-жылдын 18-августундагы №65
Ак-тектир айылынын “Датка” калктуу конушундагы жаңы ачылган Көчөгө Дүйшөналиев Жунусбектин ысымын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги обьектерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу” Жобонун негизинде (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 токтомдорунун редакцияларына ылайык жана Кетмен-Дөбө айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын 2025-жылды 18-августундагы №6 протоколдук чечимин жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 08-августундагы №01-17-25/1758 сунушун талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын 2025-жылды 18-августундагы №6 протоколдук чечими жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 08-августундагы №01-17-25/1758 сунушу колдоого алынсын.
2 Ак-Тектир айылынын “Датка” калктуу конушундагы жаңы ачылган көчөгө көп жылдар бою үзүрлүү эмгек синирген атуул Дүйшөналиев Жунусбектин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
3. Ак-Тектир айылынын “Датка” калктуу конушундагы жаңы ачылган көчөгө Дүйшөналиев Жунусбектин ысымы ыйгарылгандан кийинки тиешелүү баардык документтерди даярдатуу,жазмаларды,белгилерди илдирүү уул-кыздарына милдеттендирилсин.
4. Токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин алдында түзүлгөн комитеттердин тиешелүүлүгүнө жараша тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Бул токтом https://www.ketmen-dobo.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
| Төрага | А.С.Алишеров |
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 19 августа 2008 года № 467 "О Межведомственной комиссии по рассмотрению вопросов административно-территориального устройства и географических…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · No longer in force
Showing 1 of 2. The full list is in the links panel.