Кетмен-Дөбө айыл аймагынын «Участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
ККетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII - сессиясы
2025-жылдын 18-августундагы №63
Участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 5-августундагы №02-2-15/863 катынын негизинде “Кыргыз Республикасынын Президенттин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” 2025-жылдын 9-июнундагы №113 Башкы мыйзам Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Токтогул аймактыкшайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 14-августундагы №9/7 сандуу каты жөнүндөгү, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы Ж.Ж. Эсенбекованын жана айылдык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш жана мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча комитетинин туруктуу комиссиясынын маалыматтын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын №123 ,, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 29-беренесинин 19-пунктуна таянып, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 5-августундагы №02-2—15/863 сандуу катынын негизинде “Кыргыз Республикасынын Президенттин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” 2025-жылдын 9-июнундагы №113 Башкы мыйзам Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 14-августундагы №9/7 сандуу каты жөнүндөгү Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун бассары-жоопту катчы Ж.Ж. Эсенбекова жана айылдык кенештин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш жана мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча комитетинин туруктуу комиссиясынын маалыматтары жана сунуштары эске алынсын.
2. Кетмен-Дөбө айыл аймагынын, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн участкалык шайлоо комиссияларынын резервинин жаңы толукталган курамы бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
3. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагын жергиликтүү өз алдынча башкаруну өнүктүрүү,жалпыга маалымдоо каражаттары,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш жана мыйзамдуулукту,укук тартибин сактоо жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо саламаттыкты сактоо жана социалдык маслелелер боюнча комитетке тапшырылсын.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
| Төрага | А.С.Алишеров |
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.