Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомунун аткарылышын камсыздоо жөнүндө» Токтому
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XXVI СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 14-июлу № 26/2
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 713 токтомунун аткарылышын камсыздоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомунун талаптарын аткарууну камсыз кылуу, жергиликтүү салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү өз убагында чогултууга көмөк көрсөтүү максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомунда каралган төлөмдөрдүн өз убагында төлөнүшүн камсыздоо боюнча түшүндүрүү жана уюштуруу иштерин күчөтүү тапшырылсын.
2. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан жарандарга ветеринардык жана башка маалымкаттарды берүүдө жарандардын №713 токтомдо каралган төлөмдөр боюнча карызынын бар же жок экендиги жөнүндө маалымдоо жана карыз болгон учурда аны өз ыктыяры менен төлөө сунушталсын.
3.Мыйзамдарга ылайык көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жарандардын укуктарынын бузулушуна жол берилбесин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
| Төрага: | Б. Шералиев |
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.