Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Козубеков Закир Ашимовичке “Чолпон айылынын Ардактуу атуулу” төш белгисин берүү жөнүндө» №10/5 токтому.
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ X СЕССИЯСЫ 2025-жылдын 9-сентябры № 10/5
Козубеков Закир Ашимовичке “Чолпон айылынын Ардактуу атуулу” төш белгисин берүү жөнүндө
Кыргыз Өкмөтүнүн 2024-жылдын 10-майындагы № 229-токтомуна жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргондары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2024-жылдын 21-августунан бери Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы болуп эмгектенип, өз ишине берилгендиги, ак ниети менен айылдын социалдык-экономикалык абалынын жакшырышына кошкон эмгеги, кызматына болгон жогорку жоопкерчилиги, адамгерчилиги жана кесипкөйлүгү үчүн Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Козубеков Закир Ашимовичке "Чолпон айылынын Ардактуу атуулу" төш белгиси ыйгарылсын.
2. Төш белгини жасатуу милдети Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысынын орун басары Исаков Азамат Исаковичке тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
| Төрага | Ө. Урматов |
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.