Жаны-Жер айылдык кенешинин «Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө экскаватор атайын техникасын сатып алуу жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II сессиясы
2026-жылдын 17-марты № 22
Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө экскаватор атайын техникасын сатып алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы №554 токтому менен бекитилген “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө” типтүү жобосуна ылайык жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын протоколунун негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө атайын техника (Экскаватор) сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджет эсебинен 700,0 (жети жүз миң), ал эми 6300,0 (алты млн үч жүз миң) сом акча каражаты Лейлек райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
| Тѳрага | Ж. Мурадилов |
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Кабинета Министров КР от 11 сентября 2024 года № 554 "О вопросах фондов развития регионов"Постановление · 11.09.2024 · № 554