Жибек-Жолу айылдык кеңешинин Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагында турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянтын бекитип берүү жөнүндө токтом
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2026-жылдагы кезектеги III отуруму
ТОКТОМ №3/5
| 2026-жылдын 15-апрели | Согонду айылы |
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагында турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянтын бекитип берүү жөнүндө
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагынан трансформация болгон жана калктуу конуштун чегинде жайгашкан турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянтын Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлу № 149 Жер Кодексинин 21-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде чектеп бекитип берүү максатында Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагынан трансформация болгон жана калктуу конуштун чегинде жайгашкан турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянты “Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлу № 149 Жер Кодексинин 21-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагында 3(үч) жылдан кем эмес туруктуу жашаган жергиликтүү тургундарга” 8(сегиз) сотыхтан чектелип берилсин.
2. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянтын 8(сегиз) сотыхтан чектеп берүү жагы Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн жер комиссиясына жана Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарлышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчик, айыл чарбасы, боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
| Төрага: | Б.Ж.Артыков |
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Положение о порядке предоставления земельных участков под индивидуальное жилищное строительство (Постановление Правительства КР от 6 мая 2005 года № 177)Положение · 06.05.2005 · № 177
- Земельный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 18.07.2025 · № 149