Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ынтымак айылдык кеңешинин 2026-жылдын 25- мартындагы №16/3-1 Ынтымак аймагынын Жаны-Арык №70 И.Кулбаев жалпы билим берүү мектеби мекемесинин материалдык-техникалык базасын чындоо жөнүндөгү долборду Кару-Суу райондук өнүктрүү Фондуна сунуштоо жөнүндө токтому
Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-марты № 16/3-1 Жаңы-Арык айылы
Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы №70 И. Кулбаев жалпы билим берүү мектеби мекемесинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жөнүндөгү долбоорду Ош облустук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы №554 токтомуна ылайык, Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы Г. Махкамбаеванын Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы №70 И. Кулбаев атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жөнүндөгү долбоорду Ош облустук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы №70 И. Кулбаев атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жөнүндөгү долбоору, Ынтымак айыл өкмөтүнүн бюджети тартыштыгына байланыштуу Ош облустук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Карыбековго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий агартуу, спорт, жаштар менен иштөө, регламент жана этика боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: А. Дунаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Кабинета Министров КР от 11 сентября 2024 года № 554 "О вопросах фондов развития регионов"Постановление · 11.09.2024 · № 554