Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Хан-Теӊири айыл аймагындагы элеттик аялдардын укуктарын коргоо, коомдогу ролун жогорулатуу, менталдык ден соолугуна кам көрүү жана «Элеттик айымдар күнүн» белгилөө жөнүндө токтому
ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
Хан-Теӊири айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин 1 чакырылышынын кезектеги 17 - сессиясы
Т О К Т О М
2026-жыл 09-апрели
Хан-Теӊири айыл аймагындагы элеттик аялдардын укуктарын коргоо, коомдогу ролун жогорулатуу, менталдык ден соолугуна кам көрүү жана "Элеттик айымдар күнүн" белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №1 «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгына, ошондой эле аялдардын коомдогу ролун жогорулатуу, алардын эмгегин баалоо жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 жана 39-беренесине ылайык Хан-Теӊири жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Хан-Теӊири айыл аймагында элеттик аялдардын укуктарын коргоо, коомдогу ролун жогорулатуу жана менталдык ден соолугуна кам көрүү боюнча Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2026–2030-жылдар ичинде Хан-Теӊири айыл аймагында 18-июнь — «Элеттик айымдар күнү» деп белгиленсин.
3. Аялдардын коомдогу ролун даңазалоо жана укуктук сабаттуулугун арттыруу максатында айыл өкмөтү төмөнкү иш-чараларды камсыз кылсын:
- Аялдардын укуктарын коргоо жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча маалыматтык кампанияларды жана юридикалык кеңеш берүүлөрдү уюштуруу;
- Айылдагы үлгүлүү, эмгекчил жана коомдук иштерде активдүү айымдарды аныктап, сыйлоо аземин өткөрүү;
- Аялдардын менталдык ден соолугун чыңдоо багытында психологиялык тренингдерди жана маданий программаларды даярдасын жана бекитсин.
4. Иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлсүн.
5. Каржылоо маселеси жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша жана демөөрчүлөрдүн эсебинен чечилсин.
6. Токтом ММКларга жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
7. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук коргоо, өзгөчө кырдаал, депутаттык этика, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага Т.Узаков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.