Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Сайдыкум айылдык кеңешинин «Сайдыкум айылдык кеңешинин депутаты Б.Абдикалил уулунун билдирүүсү жөнүндө» токтому
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 19-мартындагы №3
«Сайдыкум айылдык кеңешинин депутаты Б.Абдикалил уулунун билдирүүсү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-марты №37 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын Жобосунун 1-беренесине негиз, Сайдыкум айылдык кеңешинин депутаты Б.Абдикалил уулунун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Чоң-Курулуш айылындагы №44 А.Жумабаева жалпы билим берүүчү орто мектебинин муниципалдык менчиктеги 3-02-05-0004-1094 сыр белгиси менен катталган жалпы аянты 21849,25 чарчы метр болгон жер тилкесинин ичинен 2000,0 чарчы метр жер тилкесин спорт комплексин салууга жер аянты бөлүп берүү жана долбоордук сметалык документтерди даярдоо жагы демилгечи топтун башчысы Б.Абдикалил уулуна жүктөлсүн.
2. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Чоң-Курулуш айылындагы №44 А.Жумабаева жалпы билим берүүчү орто мектебинин муниципалдык менчиктеги 3-02-05-0004-1094 сыр белгиси менен катталган жалпы аянты 21849,25 чарчы метр болгон жер тилкесинин ичинен 2000,0 чарчы метр муниципалдык жер аянтын спорт комплексин салууга мөөнөтсүз мөөнөтү көрсөтүлбөгөн мамлекеттик акт алуу жагы, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Атабековага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Б.А.Анарбаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.