Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Нарын шаардык Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин жаңы заманбап казармасын куруу үчүн тер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө» №3 токтому
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 29-апрели №3
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин жаңы заманбап казармасын куруу үчүн тер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине жетекчиликке алып, ички аскерлердин Нарын облусунда казармалык-турак жай фонду жок болгондуктан, жаңы заманбап казарма куруу үчүн Нарын шаарынын батыш аймагындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-декабрындагы №805 токтомунун негизинде Нарын шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилген (Ага-хан тарабынан өткөрүлгөн) жер тилкелердин ичинен ички иштер министрлигинин ички аскерлердин жаңы заманбап казармасын куруу үчүн 3,0 (үч) га жер тилкесин бөлүп берүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин ”Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, корутундусунун негизининде Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
Нарын шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилген (Ага-хан тарабынан өткөрүлгөн) жер тилкелердин ичинен Ички иштер министрлигинин ички аскерлердин жаңы заманбап казармасын куруу үчүн 3,0 (үч) га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин. Жер тилкесин өткөрүп берүүдөгү иш кагаздарынын мыйзамдуу бүткөрүү, белгиленген тартипте жүргүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын Заманбап казарма куруу боюнча иш алып баруу жагы 1(бир) жыл ичинде жүргүзүлбөсө ушул токтом күчүн жоготту деп таанылсын. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
Ж. Эсеналиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Кабинета Министров КР от 12 декабря 2025 года № 805 "О передаче земельных участков в муниципальную собственность мэрии города Нарын Нарынской области Кыргызской…Постановление · 12.12.2025 · № 805 · Not yet in force