Ысык-Ата айылдык кеңешинин Ысык-Ата районунун « Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн транспорт салыгы боюнча жана айыл чарба багытындагы жер салыгы боюнча планын азайтууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 5-сентябры № 48/Х-29
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн транспорт салыгы боюнча жана айыл чарба багытындагы жер салыгы боюнча планын азайтууга макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 05-августундагы №03-13/1735 “Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн төмөнкү маселелерге макулдук берүү жөнүндө” катынын 1-бөлүмүн Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 08-январындагы №1 жарлыгынын негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 08-январындагы №1 жарлыгын аткаруу максатында Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн “Транспорт салыгы” боюнча планын 1430,0 мин сомго жана “Айыл чарба багытындагы жер салыгы” боюнча планын 420,5 мин сомго жалпысынан 1850,5 мин сомго азайтууга жана чыгаша бөлүгүн “Мектепке чейинки билим берүү” бөлүмүнүн 3111 беренесинде 1445,0 мин сомго жана “ЖКХ” бөлүмүнүн 2215 беренесинде 405,5 мин сомго жалпысынан 1850,5 мин сомго азайтууга макулдук берилсин;
2. Жогорудагынын негизинде Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү киргизилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага
Н.Ибраимов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.