Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин Финансылык ижара (лизинг) аркылуу «Шевролет-треккер кызматтык унаасын алуу» жөнүндө токтом
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын
5-сессиясынын токтому
2025-жылдын 16-августу №6-1
Финансылык ижара (лизинг) аркылуу «Шевролет-треккер кызматтык унаасын алуу» жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлдагы №121 «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө» мыйзамынын негизинде, экономикадагы түзүмдүк жылыштарга дем берүү, экономика субьектеринин кредиттик ресурстарга орто жана узак мөөнөттүү негизде жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү максатында финансылык ижара (лизинг) аркылуу Шевролет-треккер кызматтык унаасын алуу тууралуу айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш пикирлерин угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине таянып, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлдагы №121 «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө» мыйзамынын негизинде, экономикадагы түзүмдүк жылыштарга дем берүү, экономика субьектеринин кредиттик ресурстрага орто жана узак мөөнөттүү негизде жеткиликтүүлүүн камсыздоо, өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү максатында финансылык ижара (лизинг) аркылуу Шевролет-треккер кызматтык унаасын алуу үчүн макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик лизинг компаниясы менен жергиликтүү бюджеттин атайын каржылоо беренеси менен 5 жылдык мөөнөткө келишим түзүп, келишимдин шартына ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысы М.И. Примкуловго милдеттендирилсин.
3. Алынган автоунааны лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруусуна жана башка чыгымдарына өз эсебинен акча каражаты каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика,соода, ишкердүүлүк жана финансы иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Зулуновго жүктөлсүн
Төрага
А.Таирбек уулу
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Закон «О финансовой аренде (лизинге)»Закон · 23.07.2002 · № 121