Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо жана ирээтке келтирүү тартиби жөнүндө Жоболорду бекитүү жөнүндө» Токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 30-январы № 20/4 Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо жана ирээтке келтирүү тартиби жөнүндө Жоболорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” №502 токтомуна ылайык Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 28-январындагы №01-18/252 катынын негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо жана ирээтке келтирүү тартиби жөнүндө сунушталган Жоболор бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” №502 токтому жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №67 токтомдору менен бекитилген Жоболорго ылайык Дөбөлү айыл аймагынын көрүстөндөрүндө иш алып барууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага
Б. Шералиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.