Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Өзгөн шаардык кеңешинин Өзгөн шаарынын “Кылыч-Бурханиддин” кварталында жана Н.Азнабакиев атындагы паркта жайгашкан жер тилкерин “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун балансына өткөрүп берүү жөнүндө токтому
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясы
2026-жылдын 9-апрели № 19/5
Өзгөн шаарынын “Кылыч-Бурханиддин” кварталында жана Н.Азнабакиев атындагы паркта жайгашкан жер тилкерин “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы №151 токтомуна ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 19-декабрындагы №01-06/1408 катын жана Өзгөн шаардык кеңешинин “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 30-мартындагы отурумунун №3 протоколунун корутундусунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Биринчи Шахристан (Саид Бурханиддин Кылыч мүрзөсү) бүгүнкү күндө пайдаланылып жаткан мүрзө болгондугүна байланыштуу, ошондой эле аянты 3,5 га болгон коргоо зонасы шаардын муниципалдык менчигинде калтырылсын.
2. Н. Азнабакиев атындагы парктын батыш тарабында жайгашкан 6 (алты) сотых жер тилкесинде “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругу мамлекеттик ишканасы тарабынан изилдөө жана казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.
3. Шаардын аймагындагы тарыхтын, архитектураныө, маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, муниципалдык жерлерди мыйзам чегинде максаттуу пайдалануу, аларды сактоого жетиштүү деңгээлде жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү боюнча шаардык кеңешке сунуш берүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Н.Шамаматов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.