Куршаб айылдык кеңешинин Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIV кезектүү отуруму
2024-жылдын 6-сентябры № 126
Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө
Куршаб айылдык кеңешинин турак жай,өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясы КР жер кодексинин №12 –беренесинин 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2019-жылдын 30-июлундагы № 107 мыйзамдарынын редакциясына ылайык, жер багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени алдын ала карап, Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) ХХIV кезектүү сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Куршаб айылынын Гафуржанов көчөсүндө жайгашкан иден. код №5-06-11-10014057 сандуу Нурматов Таласбекке тиешелүү 1700 чарчы метр жер тилкесинин жана иден. код 5-06-11-1001-4056 сандуу Каратаев Сейтбекке тиешелүү 1600 чарчы метр, жалпысы 3300 чарчы метр курулуш цех багытындагы жер тилкесин жеке турак жай багытына өзгөртүүгө жана курулуш курууга макулдук берилсин.
2. Керектүү иш кагаздарын, документтерин даярдап берүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы турак жай, өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
Б.Э.Жумаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.