Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин Баш планга КНИИП тарабынан даярдалган өзгөртүүнү бекитүү жөнүндө токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2026-жылдын 25-марты № 91
Баш планга КНИИП тарабынан даярдалган өзгөртүүнү бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Колексинин № 149 Мыйзамынын 21- беренесинин 3-пунтктуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39- беренелерин жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3- октябрындагы № 542 токтомунун негизинде, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө трансформация болуп келген жалпы 86 га жер аянтынын ичинен, Кызыл-Сеңир айылындагы Башкы пландарды өзгөртүүнү бекитип берүү боюнча (КНИИП тарабынан даярдалган шифр 14/2024, 237/2025 жана 238/2025) тер даярдалып келинген. Айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун маалыматын угуп, берилген материалдар менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл амагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө трансформация болуп келген жалпы 86 га жер аянтынын ичинен, Кызыл-Сеңир айылындагы Башкы планды өзгөртүүгө (КНИИП тарабынан даярдалган шифр 14/2024, 237/2025 жана 238/2025) тер бекитилип берилсин.
2. Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына ( А. Шадмановго) жуктөлсүн.
Төрага
К. С. Мусаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.