Памир-Алай айылдык кеңешинин Памир-Алай айыл аймагында Сары-Таш, Талды-Суу, Нура, Сары-Могол, Арча-Булак айылдарынан «Альфа-Телеком» ЖАК базалык станциясына жер тилкелерин убактылуу ижарага берүү жөнүндө токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
«ПАМИР-АЛАЙ» АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги 1-отуруму
2026-жылдын 23-январы, № 3
Памир-Алай айыл аймагында Сары-Таш, Талды-Суу, Нура, Сары-Могол, Арча-Булак айылдарынан «Альфа-Телеком» ЖАК базалык станциясына жер тилкелерин убактылуу ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 301 токтомуна ылайык Памир-Алай айыл аймагына караштуу Сары-Таш, Талды-Суу, Нура, Сары-Могол, Арча-Булак айылдарындагы элдеринин талабына жана уюлдук байланышты жакшыртуу максатында Памир-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Памир-Алай айыл аймагындагы Сары-Таш, Талды-Суу, Нура, Сары-Могол, Арча-Булак айылдарынан “Альфа-Телеком” ЖАК базалык станциясын жайгаштыруу үчүн 20 чарчы метр жер тилкеси убактылуу ижарага берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Анарбаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом pamir-alay.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага:
Н.Айтмаматов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Кабинета Министров КР от 30 мая 2025 года № 301 "О регулировании в сфере управления и использования пастбищ"Постановление · 30.05.2025 · № 301