Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Төөлөс айылдык кенешинин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимин бекитип берүү жөнүндө токтому
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы 2025-жыл 3-июль № 7-2 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 435-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу эрежелери жөнүндөгү Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда келишим түзүү жөнүндөгү маалымат менен таанышып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына караштуу «Кызмат»
мамлекеттик мекемеси менен Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 435 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу эрежелери жөнүндөгү Жобону жетекчиликке алып, келишим түзүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Төөлөс айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы М. Тиленовко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, мандат, укук, этика жана
дин иштери» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага :
А . Каразаков.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.