Курманжан Датка айылдык кеңешинин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу жөнүндө токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Курманжан Датка айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 3-отуруму 2026-жылдын 04-марты №3/3 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу жөнүндө Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 13-январындагы №16/2 сандуу буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө аткаруу буйругуна ылайык, билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-17-пунктуна ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтому Курманжан Датка айылдык кеңеши тарабынан аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясы тарабынан 2026-жылдын 13-январындагы №16/2 буйругу, Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жарандардын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо боюнча маселелери акысыз жүргүзүлсүн деп белгиленсин.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. М. Амираевге жана Курманжан Датка айыл аймагы боюнча айыл башчыларына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
5. Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага:
Д. Камчыбек уулу
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.