Төрт-Гүл айылдык кенешинин «Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга тарифтерди бекитүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ТОРТГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ
Торт-Гул айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы
2026-жылы 27-марты №13
Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №662 токтомуна ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2026-жылдын 27-февралындагы №024/24/08-6/126 сандуу чыгыш катын талкуулап чыгып, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга төмөнкү тарифтер бекитилсин.
а) калк үчүн:-жеке турак үйлөрдө жашагандар1-айга бир адамдан 15 (он беш) сом өлчөмүндө белгиленсин.
б) мекемелер, уюмдар жана ишканалар үчүн 1м2 (аянт) 1-айга 20 сом өлчөмүндө белгиленсин.
в) коммерциялык оъекттер үчүн 1м2 (аянт) 1-айга 20 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Курулуш таштандылары, жаныбарлардын кыгы, чөп жана чөптүн калдыктары чыгарылбасын.
3. Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-февралындагы №15 “Таштанды салыгын белгилөө жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды эсептөө, тапшыруу мөөнөтү 2026-жылдын 1-апрелине чейин деп бекитилсин.
Төрт-Гүл айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарын бюджетке чегерүүнү, жыйноо жана төлөөгө көзөмөл жүргүзүү жагы Төрт-Гүл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго милдеттендирилсин. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн https://tort-gul.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага:
Н.Артыков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 31 декабря 2018 года № 662 "Об утверждении форм расчета по сбору за вывоз мусора с территории населенных пунктов, отчета по отчислениям на…Постановление · 31.12.2018 · № 662
- торт-Гул айылдык кенешинин 2025-жылдын 20-февралындагы №15 "Таштанды салыгын өлчөмүн белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2025 · № 15